કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝ ભાષામાં અનુવાદ - શમસુદ્ દીન હકીમોફ

પેજ નંબર:close

external-link copy
105 : 17

وَبِٱلۡحَقِّ أَنزَلۡنَٰهُ وَبِٱلۡحَقِّ نَزَلَۗ وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ إِلَّا مُبَشِّرٗا وَنَذِيرٗا

Биз аны (Куранды) Акыйкат менен түшүргөнбүз жана Акыйкат менен түшкөн. Биз сени (бейиштин) куш кабарчысы жана (тозоктон) коркутуучу болушуң үчүн гана жибергенбиз. info
التفاسير:

external-link copy
106 : 17

وَقُرۡءَانٗا فَرَقۡنَٰهُ لِتَقۡرَأَهُۥ عَلَى ٱلنَّاسِ عَلَىٰ مُكۡثٖ وَنَزَّلۡنَٰهُ تَنزِيلٗا

Биз Куранды (Акыйкат менен жалганды) ажыратуучу кылдык жана аны адамдарга шашылбай окуп беришиң үчүн (жыйырма үч жыл аралыгында) бөлүп-бөлүп түшүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
107 : 17

قُلۡ ءَامِنُواْ بِهِۦٓ أَوۡ لَا تُؤۡمِنُوٓاْۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ مِن قَبۡلِهِۦٓ إِذَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ يَخِرُّونَۤ لِلۡأَذۡقَانِۤ سُجَّدٗاۤ

(Оо, Мухаммад, мушриктерге) айткын: «Силер ага (Куранга) ыйман келтирсеңер да же ыйман келтирбесеңер да (Аллах силердин ыйманыңарга муктаж эмес.) Андан мурунку илимдүү адамдар өздөрүнө Куран окулганда бети менен саждага жыгылышып: info
التفاسير:

external-link copy
108 : 17

وَيَقُولُونَ سُبۡحَٰنَ رَبِّنَآ إِن كَانَ وَعۡدُ رَبِّنَا لَمَفۡعُولٗا

«Раббибиз Аруу-Таза! Раббибиздин (Акырет жөнүндөгү) убадасы сөзсүз аткарылат!» - дешкен. info
التفاسير:

external-link copy
109 : 17

وَيَخِرُّونَ لِلۡأَذۡقَانِ يَبۡكُونَ وَيَزِيدُهُمۡ خُشُوعٗا۩

Алар ыйлаган бойдон бети менен жыгылышканда (Куран) алардын (Аллах алдындагы) кичипейилдиктерин көбөйтөт. info
التفاسير:

external-link copy
110 : 17

قُلِ ٱدۡعُواْ ٱللَّهَ أَوِ ٱدۡعُواْ ٱلرَّحۡمَٰنَۖ أَيّٗا مَّا تَدۡعُواْ فَلَهُ ٱلۡأَسۡمَآءُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ وَلَا تَجۡهَرۡ بِصَلَاتِكَ وَلَا تُخَافِتۡ بِهَا وَٱبۡتَغِ بَيۡنَ ذَٰلِكَ سَبِيلٗا

Айт: «(О, момундар кааласаңар) «Аллах» деп дуба кылгыла, (кааласаңар) «Рахман» деп дуба кылгыла. Эмне деп дуба кылсаңар да, Анын эң мыкты ысымдары бар.[1] (Оо, Мухаммад) намазыңдын (кыраатын) бийик добуш менен да (акырын) угулбай турган кылып да окуба! Ушунун аралыгында(гы окуу) жол(ун) изде![2] info

[1] Аллахтын «Асмаа-ул-Хуснаа» («Эң мыкты ысымдар») деп аталган ысымдары бар. «Аллах» менен «Рахман» ошолордун экөөсү.
[2] Бийик добуш менен окуганда мушриктер угуп, Куранды жана пайгамбарды акаарат кылышкан, ал эми өтө акырын окуса, сахабалары укпай калган.

التفاسير:

external-link copy
111 : 17

وَقُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي لَمۡ يَتَّخِذۡ وَلَدٗا وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ شَرِيكٞ فِي ٱلۡمُلۡكِ وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ وَلِيّٞ مِّنَ ٱلذُّلِّۖ وَكَبِّرۡهُ تَكۡبِيرَۢا

Жана айткын: «Баласы жок, мүлктө шериги жок, кордолгон макулуктардан эч бир жардамчысы да жок Аллахка мактоолор болсун!» Жана Аны (Улук Сыпаттары менен ар дайым) даңктап жүр! info
التفاسير: