[1] Худ өз коомуна: “Эгер жалгыз Аллахтын ибадатына кайтпасаңар башыңарга Аллахтын балээси түшөт” деген болчу. Каапырлар бул насаатты угуунун ордуна кайра “балээңди алып келбейсиңби?” деп келекелешип, өздөрү сыйынган таштардын да кудай экенин талашып, ширк иштеринен кайтышпады. Мунун натыйжасында Аллах таала аларга катуу бороон-шамал жиберип, бирин калтырбай, жексен кылды! Алардан урпак, бала-чака тургай, изи да калбады!