[1] Пайгамбарыбыздын көп сапарлары жихад үчүн болгон жана ушул аят түшкөндөн баштап, бардык алыс сапарларында намаздарды кыскартып (бешим, асир, куптандын парыздарын эки ирекеттен, багымдат менен шам намазын өзүндөй) окуп жүргөн. Бир күнү Умар бин Хаттаб пайгамбарыбыздан: “Оо, Аллахтын элчиси, Аллах “Эгер душмандан корксоңор, кыска намаз окугула” деген. Ал эми, тынч мезгилдеги сапарда кантебиз?” деп сураганда пайгамбарыбыз: “Кыска намазга уруксат Аллахтын силерге берген садакасы. Аны кабыл алып койгула” - деп жооп берген. Ошондон бери мусулмандар бардык мезгилдерде алыс сапарга чыкса намаздарын кыскартып (каср) окуп жүрүшөт.