Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - Eggo maanaaji Kur'aana e haala Kirgiiz - Shamsuddiin Hakimof.

external-link copy
33 : 3

۞ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصۡطَفَىٰٓ ءَادَمَ وَنُوحٗا وَءَالَ إِبۡرَٰهِيمَ وَءَالَ عِمۡرَٰنَ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ

Албетте, Аллах Адамды, Нухту, Ибрахимдин үй-бүлөсүн жана Имрандын урпактарын бүт ааламдардын үстүнө (пайгамбарлык үчүн) тандап алды.[1] info

[1] Куранда эскерилген бардык пайгамбарлар аталган улуктардын урук-урпактарынан чыккан. Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дагы Ибрахим алейхи саламдын уулу Исмаил алейхи саламдын урпактарынан.

التفاسير: