ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقیزی كتاب مختصر در تفسير قرآن كريم

شماره صفحه:close

external-link copy
36 : 50

وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا قَبۡلَهُم مِّن قَرۡنٍ هُمۡ أَشَدُّ مِنۡهُم بَطۡشٗا فَنَقَّبُواْ فِي ٱلۡبِلَٰدِ هَلۡ مِن مَّحِيصٍ

Мекке элинен чыккан жалганчы мушриктерден мурун аларга караганда алд канча кубаттуу болгон канчалаган коомдорду кыйратып жок кылганбыз. Алар шаарларында ары-бери качып, азаптан сактоочу жай издеди, бирок таба албады. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 50

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكۡرَىٰ لِمَن كَانَ لَهُۥ قَلۡبٌ أَوۡ أَلۡقَى ٱلسَّمۡعَ وَهُوَ شَهِيدٞ

Чындыгында мурунку коомдордун кыйроосу тууралуу айтылган бул нерседе акыл жүгүртүүчү жүрөгү бар же бейкапар болбостон, жүрөгү менен туюп кулак салган адамдар үчүн эскертүүлөр жана сабакбар бар. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 50

وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ وَمَا مَسَّنَا مِن لُّغُوبٖ

Биз асмандарды, жерди жана алардын ортосундагы нерселерди көз ирмемде жаратып коюуга кудуреттүү болгонубузга карабай алты күндө жараттык жана жөөттөр айтышкандай Биз алсыраган жокпуз. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 50

فَٱصۡبِرۡ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ قَبۡلَ طُلُوعِ ٱلشَّمۡسِ وَقَبۡلَ ٱلۡغُرُوبِ

Оо, пайгамбар! Жөөттөрдүн жана башкалардын айткандарына сабыр кыл. Раббиңе мактоолорду айтып Ал үчүн күн чыкканга чейин багымдат намазын оку жана күн батканга чейин асыр намазын оку. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 50

وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَسَبِّحۡهُ وَأَدۡبَٰرَ ٱلسُّجُودِ

Түндүн бир бөлүгүндө Ал үчүн намаз оку жана намаздардан кийин Аны аруула. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 50

وَٱسۡتَمِعۡ يَوۡمَ يُنَادِ ٱلۡمُنَادِ مِن مَّكَانٖ قَرِيبٖ

Оо, пайгамбар! Уккун, ал күнү сурнай тартууга жоопкер периште жакын жерде сурнайды экинчи жолу тартып жар салат. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 50

يَوۡمَ يَسۡمَعُونَ ٱلصَّيۡحَةَ بِٱلۡحَقِّۚ ذَٰلِكَ يَوۡمُ ٱلۡخُرُوجِ

Ал күнү бардык макулуктар шек-күмөнсүз акыйкат менен кайра тирилүүнүн кыйкырык үнүн угушат. Аны угушкан күн – өлүктөр сурак, жаза жана сыйлык үчүн кабырларынан чыккан күн. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 50

إِنَّا نَحۡنُ نُحۡيِۦ وَنُمِيتُ وَإِلَيۡنَا ٱلۡمَصِيرُ

Чындыгында Биз тирилтебиз жана өлтүрөбүз. Бизден башка тирилтүүчү жана өлтүрүүчү жок. Кыямат күнү пенделер сурак, жаза жана сыйлык үчүн Бизге гана кайтып келишет. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 50

يَوۡمَ تَشَقَّقُ ٱلۡأَرۡضُ عَنۡهُمۡ سِرَاعٗاۚ ذَٰلِكَ حَشۡرٌ عَلَيۡنَا يَسِيرٞ

Ал күнү жер ачылып, алар андан шашылган абалда чыгышат. Бул чогултуу Биз үчүн оңой. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 50

نَّحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَقُولُونَۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيۡهِم بِجَبَّارٖۖ فَذَكِّرۡ بِٱلۡقُرۡءَانِ مَن يَخَافُ وَعِيدِ

Биз ал жалганчылардын эмне деп жатышкандарын жакшы билебиз. Оо, пайгамбар! Сен аларды ыйманга мажбурлай тургандай алардын үстүнөн башкаруучу эмессиң. Сен болгону Аллахтын буйругун гана жеткирүүчүсүң. Андыктан сен Менин азабын тууралуу убадаларымдан корккон каапырларды жана күнөөкөрлөрдү Куран менен эскерт. info
التفاسير:
از فواید آیات این صفحه:
• الاعتبار بوقائع التاريخ من شأن ذوي القلوب الواعية.
Тарыхта болуп өткөн окуялардан сабак алуу – баамчыл жүрөк ээлеринин иши. info

• خلق الله الكون في ستة أيام لِحِكَم يعلمها الله، لعل منها بيان سُنَّة التدرج.
Аллах ааламды алты күндө жаратты. Анын сырларын Өзү гана билет. Балким муну менен баскыч-баскыч менен ишке ашуунун жолун баяндады. info

• سوء أدب اليهود في وصفهم الله تعالى بالتعب بعد خلقه السماوات والأرض، وهذا كفر بالله.
Жөөттөрдүн Аллах асмандар менен жерди алты күндө жараткандан кийин чарчады деп сыпаттоолору жаман сыпат жана бул каапырлык болуп эсептелет. info