ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقیزی كتاب مختصر در تفسير قرآن كريم

external-link copy
28 : 47

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ ٱتَّبَعُواْ مَآ أَسۡخَطَ ٱللَّهَ وَكَرِهُواْ رِضۡوَٰنَهُۥ فَأَحۡبَطَ أَعۡمَٰلَهُمۡ

Бул азаптын себеби, алар Аллахтын ачуусун келтирген каапырлык, эки жүздүүлүк, Аллахка жана Анын элчисине каршы чыгуу сыяктуу бардык нерселерди ээрчишти жана алар Аллахка ыйман келтирүү, Анын элчисин ээрчүү сыяктуу Раббисинин ыраазылыгына жеткирип, Ага жакындаткан нерселерди жаман көрүштү. Мына ошондуктан Аллах алардын иштерин жокко чыгарды. info
التفاسير:
از فواید آیات این صفحه:
• التكليف بالجهاد في سبيل الله يميّز المنافقين من صفّ المؤمنين.
Аллах жолунда согушуунун милдет болуусу ыймандуулардын катарынан эки жүздүүлөрдү айырмалап көргөзөт. info

• أهمية تدبر كتاب الله، وخطر الإعراض عنه.
Аллахтын Китеби тууралуу ой жүгүртүүнүн маанилүүлүгү жана андан жүз буруунун коркунучу. info

• الإفساد في الأرض وقطع الأرحام من أسباب قلة التوفيق والبعد عن رحمة الله.
Жер бетинде бузукулукту жаюу жана туугандык мамилелерди үзүү – ийгиликтин аздыгынын жана Аллахтын ырайымынан алыс болуунун себептеринен. info