ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقيزى - شمس الدین حکیموف

Таaрик

external-link copy
1 : 86

وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ

Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 86

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ

(Оо, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 86

ٱلنَّجۡمُ ٱلثَّاقِبُ

Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 86

إِن كُلُّ نَفۡسٖ لَّمَّا عَلَيۡهَا حَافِظٞ

Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 86

فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ مِمَّ خُلِقَ

Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 86

خُلِقَ مِن مَّآءٖ دَافِقٖ

Атырылган (бел) суудан жаратылган. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 86

يَخۡرُجُ مِنۢ بَيۡنِ ٱلصُّلۡبِ وَٱلتَّرَآئِبِ

(Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 86

إِنَّهُۥ عَلَىٰ رَجۡعِهِۦ لَقَادِرٞ

Ал (Аллах) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 86

يَوۡمَ تُبۡلَى ٱلسَّرَآئِرُ

Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 86

فَمَا لَهُۥ مِن قُوَّةٖ وَلَا نَاصِرٖ

(Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт.[1] info

[1] Бул дүйнөдө инсан кылмыш жасаса акчанын, тааныштын жана аброюнун кудурети менен жазадан кутулуп кете алат. Акыреттечи? Анда ал тек гана Аллахтын өкүмү астында болот.

التفاسير:

external-link copy
11 : 86

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلرَّجۡعِ

Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу! info
التفاسير:

external-link copy
12 : 86

وَٱلۡأَرۡضِ ذَاتِ ٱلصَّدۡعِ

Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү: info
التفاسير:

external-link copy
13 : 86

إِنَّهُۥ لَقَوۡلٞ فَصۡلٞ

Ал (Куран) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз! info
التفاسير:

external-link copy
14 : 86

وَمَا هُوَ بِٱلۡهَزۡلِ

Азил-тамаша (сөз) эмес! info
التفاسير:

external-link copy
15 : 86

إِنَّهُمۡ يَكِيدُونَ كَيۡدٗا

Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 86

وَأَكِيدُ كَيۡدٗا

Мен дагы амалкерлик кыламын. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 86

فَمَهِّلِ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَمۡهِلۡهُمۡ رُوَيۡدَۢا

Эми, сен (Оо, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер.[1] info

[1] Каапырлар айлакерлик жасашат. Аллах алардан амалдуурак: же ошол учурдун өзүндө жазалайт же болбосо, аларга дагы эле кенен ырыскы, узун өмүр - мөөнөт берет. Алар көөп, күнөө үстүнө күнөө жасап, тозок азабына дагы да көбүрөөк ылайык болушат.

التفاسير: