ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقيزى - شمس الدین حکیموف

شماره صفحه:close

external-link copy
17 : 79

ٱذۡهَبۡ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ

«Фараонго баргын! Ал чектен чыгып кетти». info
التفاسير:

external-link copy
18 : 79

فَقُلۡ هَل لَّكَ إِلَىٰٓ أَن تَزَكَّىٰ

Жана ага (мындай) дегин: «Өзүңдү (ширк күнөөсүнөн) тазалоону info
التفاسير:

external-link copy
19 : 79

وَأَهۡدِيَكَ إِلَىٰ رَبِّكَ فَتَخۡشَىٰ

жана мен сени (жалгыз, шериксиз) Раббиңе баштоомду каалайсыңбы? Анан сен (Аллахка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элең» info
التفاسير:

external-link copy
20 : 79

فَأَرَىٰهُ ٱلۡأٓيَةَ ٱلۡكُبۡرَىٰ

(Муса) ага (Фараонго) чоң моожизаны (жыланга айланган таякты) көргөздү. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 79

فَكَذَّبَ وَعَصَىٰ

Бирок ал «жалган!» деп, каршы чыкты. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 79

ثُمَّ أَدۡبَرَ يَسۡعَىٰ

Кийин тескери басып, (душмандашууга) аракет кылды. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 79

فَحَشَرَ فَنَادَىٰ

жана (адамдарын) чогултуп, бийик добуш менен: info
التفاسير:

external-link copy
24 : 79

فَقَالَ أَنَا۠ رَبُّكُمُ ٱلۡأَعۡلَىٰ

«Мен силердин эң жогорку Раббиңер боломун» деди. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 79

فَأَخَذَهُ ٱللَّهُ نَكَالَ ٱلۡأٓخِرَةِ وَٱلۡأُولَىٰٓ

Анан... Аллах аны дүйнөлүк (жаза) жана Акыреттик азап менен жазалады. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 79

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبۡرَةٗ لِّمَن يَخۡشَىٰٓ

Албетте, мында (Раббисинен) корккон пенделер үчүн (чоң) сабак бар. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 79

ءَأَنتُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَمِ ٱلسَّمَآءُۚ بَنَىٰهَا

(Эй, каапырлар!) силердин жаратылууңар татаалыраакпы же асмандынбы?! Аны (Аллах) жаратты! info
التفاسير:

external-link copy
28 : 79

رَفَعَ سَمۡكَهَا فَسَوَّىٰهَا

Шыбын көтөрүп, бекем-кынтыксиз кылды. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 79

وَأَغۡطَشَ لَيۡلَهَا وَأَخۡرَجَ ضُحَىٰهَا

Түнүн караңгы кылды жана (таң аттырып) жарыгын чыгарды. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 79

وَٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ ذَٰلِكَ دَحَىٰهَآ

Андан кийин жерди жайып (кооздоп) койду. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 79

أَخۡرَجَ مِنۡهَا مَآءَهَا وَمَرۡعَىٰهَا

Андан сууларын, жайлоолорун чыгарды. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 79

وَٱلۡجِبَالَ أَرۡسَىٰهَا

Тоолорду (бекем) орнотту. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 79

مَتَٰعٗا لَّكُمۡ وَلِأَنۡعَٰمِكُمۡ

Силер үчүн жана силердин айбандарыңар үчүн пайдалануу (ырыскы) болсун деп. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 79

فَإِذَا جَآءَتِ ٱلطَّآمَّةُ ٱلۡكُبۡرَىٰ

Качан чоң Кыямат келсе, info
التفاسير:

external-link copy
35 : 79

يَوۡمَ يَتَذَكَّرُ ٱلۡإِنسَٰنُ مَا سَعَىٰ

Ал күндө инсан (дүйнөдөгү) иш-аракеттерин эстейт. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 79

وَبُرِّزَتِ ٱلۡجَحِيمُ لِمَن يَرَىٰ

Караган адамдарга тозок (анык) көргөзүлөт. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 79

فَأَمَّا مَن طَغَىٰ

Кимде-ким чектен чыккан болсо info
التفاسير:

external-link copy
38 : 79

وَءَاثَرَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا

жана дүйнө жашоосун (Акыреттен) артык көргөн болсо, info
التفاسير:

external-link copy
39 : 79

فَإِنَّ ٱلۡجَحِيمَ هِيَ ٱلۡمَأۡوَىٰ

анын орду албетте, тозокто! info
التفاسير:

external-link copy
40 : 79

وَأَمَّا مَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ وَنَهَى ٱلنَّفۡسَ عَنِ ٱلۡهَوَىٰ

Ал эми, ким Раббисинин алдында (сурак берип) туруудан коркуп, өзүн (арам) каалоо-кумарлардан тыйса, info
التفاسير:

external-link copy
41 : 79

فَإِنَّ ٱلۡجَنَّةَ هِيَ ٱلۡمَأۡوَىٰ

анын орду албетте, бейиште! info
التفاسير:

external-link copy
42 : 79

يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلسَّاعَةِ أَيَّانَ مُرۡسَىٰهَا

(Кайра тирилүүдөн шектенген адамдар) сенден Кыяматтын качан болушун сурашат. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 79

فِيمَ أَنتَ مِن ذِكۡرَىٰهَآ

Аны(н убактысын) билүүдөн сен алыссың?! info
التفاسير:

external-link copy
44 : 79

إِلَىٰ رَبِّكَ مُنتَهَىٰهَآ

Анын (качан болоору жөнүндөгү илимдин башы жана) аягы Раббиңе гана тиешелүү. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 79

إِنَّمَآ أَنتَ مُنذِرُ مَن يَخۡشَىٰهَا

Сен болгону андан (кыяматтан) корко турган кишилерди эскертүүчүсүң. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 79

كَأَنَّهُمۡ يَوۡمَ يَرَوۡنَهَا لَمۡ يَلۡبَثُوٓاْ إِلَّا عَشِيَّةً أَوۡ ضُحَىٰهَا

Алар (кыяматты «жалган» дегендер) аны (өз көздөрү менен) көргөн күндө, (бул дүйнөдө) бир күн кечке чейин же түшкө чейин гана турган сыяктуу болуп калышат. info
التفاسير: