[1] Пайгамбарыбыздын кырааты жөнүндө Ибн Аббас: “анык-даана окуйт болчу” деген (Табарий). Анас разияллоху анху болсо “Сөздөрдү созуп, аяттарда токтоп-токтоп окуйт эле” деген. (Бухарий, Ибн Касир). Ал эми, Умму Салама энебиз пайгамбарыбыздын кырааты жөнүндө: “Ар бир аятта токтоп, бөлүп-бөлүп, шашылбай окуган” деп маалымат берген. Ошондой эле, пайгамбарыбыздан “Куранды добушуңар менен кооздогула” деген хадис риваят кылынган. (Ибн Касир).
[1] Пайгамбарыбыз Мухамммад саллаллоху алайхи ва салламдын жөлөнгөн-таянганы Аллах таала гана болчу. Ошондуктан, оор мезгилдерде Раббиси анын көңүлүнө рух багыштап, душмандардын жандан өткөн жалааларына, айла-амалдарына жана ачуу сөздөрүнө каршы кандай мамиле кылуусун үйрөтүп турган.
[1] Айша энебиздин айтканы боюнча ушул аят түшкөндөн бир аз мөөнөт өткөн соң, белгилүү Бадр согушу болуп, жанагы дин душмандарынын көпчүлүгү мүрт кеткен экен. (Куртубий) Аллах тааланын андайларга арнаган жазасы тез эле берилет. Бул дүйнөдө берилбей калса акыретте, Аллах таалага кайтып барганда берилет.
[1] Кыяматтагы коркунучтуу окуялардан улам бардык кош бойлуулар боюндагысын таштап койот. Жап-жаш балдардын кап-кара чачтары заматта агарып калат!
[1] Кезектеги (20-) аятты түшүнүү үчүн дагы кайрадан сүрөнүн башындагы төрт аятка кайтып, алардын маанилерин көңүлдөн өткөрүүгө туура келет. Ошентип, сүрөнүн башындагы “Эй, оронуп жатуучу! Түндөсү тур (жана ибадат кыл!) Бир аз гана бөлүгүндө: жарымында (уктасаң) мейли. Же болбосо, (уйкуңду) андан (жарымдан) бир аз кемит же бир аз кош жана Куранды кыраатын келиштирип оку!” деген аят түшкөндө мусулмандарга түндүн жарымында же үчтөн экисинде же үчтөн биринде туруп, ибадат кылуу парыз болгон эле. Мусулмандар бул буйрукту аткарууга бекем киришишти. Кээ бирөөлөрү айтылган убакта тура албай (ибадат сааттарын анык эсептей албай) калуудан коркуп, түнү менен намаз окугандыктан тамандары шишип кетчү. Ушинтип, арадан бир жылга жакын убакыт өткөндө ушул (20-) аят түшүп, мурунку аяттын өкүмүн жокко чыгарды. Эми, мусулмандар үчүн түнкү ибадаттар парыз (милдет) ибадат эмес, нафил (ыктыярдуу) ибадат болуп калды.