[1] Ислам өкүмү боюнча бирөөнүн жамандыгына башкасы жооп бербейт: ар бир адам өз иштеринин гана туткуну. Жакшылыгынын сообу да өзүнө, жамандыгынын күнөөсү да өзүнө. Бирок, бир адамдын жаман жолго түшүүсүнө себеп болгон киши күнөөнү аны менен теңме тең бөлүшөт. Ошондой эле, пайгамбарыбыз жакшылык ишке себепчи болгон адамдарга да ошол иштин сообунан жетип турушун баян кылган.