[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айтты: “Мен силерди эмнеден кайтарган болсом, - сактангыла. Эмнеге буюрган болсом, колуңардан келишинче аткаргыла. Силерден мурда өткөн элдер көп (бейчеки) суроолору жана пайгамбарларына каяша кылгандары себептүү өлүм табышкан”.
[1] Исламга чейинки (жахилият) доорунда арабдар ата-бабаларынан келе жаткан ырым боюнча, Аллахтын адал ырыскыларын өздөрүнө арам кылып: “Ушул Аллахтын буйругу” дешчү. Ошол ырым-жырымдарынын бири, алар беш бала тууган төөнү “бахийра” деп атап, кулагын тилип же минбей, же союп жебей өздөрүнө арам кылышчу. Дагы алар карып калган төө, уй же койду “саиба” деп атап, иштетпей, союп да жебей, бош коюп жиберишчү. Ошондой эле, удаама-удаа эки ургаачы бото тууган төөнү “васила” деп, ал эми, он бото төрөткөн эркек төөнү “хамий” деп аташып, этин да, кызматын да арам деп эсептешчү. Бул аятта Аллах, алардын бул жоруктары дин буйругу эмей эле, акылсыз ата-бабалары ойлоп чыгарган ырым-жырымдар экенин баяндаган.