ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقيزى - شمس الدین حکیموف

external-link copy
97 : 4

إِنَّ ٱلَّذِينَ تَوَفَّىٰهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ ظَالِمِيٓ أَنفُسِهِمۡ قَالُواْ فِيمَ كُنتُمۡۖ قَالُواْ كُنَّا مُسۡتَضۡعَفِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ قَالُوٓاْ أَلَمۡ تَكُنۡ أَرۡضُ ٱللَّهِ وَٰسِعَةٗ فَتُهَاجِرُواْ فِيهَاۚ فَأُوْلَٰٓئِكَ مَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ وَسَآءَتۡ مَصِيرًا

(Себепсиз хижрат милдетин аткарбай коюу менен) өздөрүнө залым кылган адамдарга, алардын жанын алуу мезгилинде периштелер: “Кандай абалда жашадыңар?” (эмнеге хижрат кылбадыңар?) дегенде алар (жалгандан): “Биз (бул) жерде алсыз (бечара) болчубуз» - дешет. Анда периштелер: “Аллахтын жери кенен эмес беле?! (Каалаган жериңерге) хижрат кылсаңар болмок?!” - дешет. Андай адамдардын барар жери – тозок! Ал кандай жаман орун! info
التفاسير: