ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقيزى - شمس الدین حکیموف

شماره صفحه:close

external-link copy
43 : 23

مَا تَسۡبِقُ مِنۡ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ

Эч бир эл (өзүнө белгиленген) мөөнөтүнөн ашыкча да, кем да жашабайт. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 23

ثُمَّ أَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا تَتۡرَاۖ كُلَّ مَا جَآءَ أُمَّةٗ رَّسُولُهَا كَذَّبُوهُۖ فَأَتۡبَعۡنَا بَعۡضَهُم بَعۡضٗا وَجَعَلۡنَٰهُمۡ أَحَادِيثَۚ فَبُعۡدٗا لِّقَوۡمٖ لَّا يُؤۡمِنُونَ

Кийин пайгамбарларыбызды удаама-удаа жибердик. Ар качан бир эл-үммөткө өз пайгамбары келгенде, аны «жалганчы» дешти. Биз да аларды биринин артынан бирин ээрчитип (кыйраттык) жана аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып койдук. Жоголсун ыймансыз коомдор! info
التفاسير:

external-link copy
45 : 23

ثُمَّ أَرۡسَلۡنَا مُوسَىٰ وَأَخَاهُ هَٰرُونَ بِـَٔايَٰتِنَا وَسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٍ

Андан соң (бир нече жылдар өтүп) Муса менен бир тууганы Харунду, Өз аяттарыбыз жана анык далилдер менен пайгамбар кылып жибердик, info
التفاسير:

external-link copy
46 : 23

إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ فَٱسۡتَكۡبَرُواْ وَكَانُواْ قَوۡمًا عَالِينَ

Фараон жана анын (каапыр) элине. Алар болсо, текеберленип, өздөрүн жогору койгон коом болушту. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 23

فَقَالُوٓاْ أَنُؤۡمِنُ لِبَشَرَيۡنِ مِثۡلِنَا وَقَوۡمُهُمَا لَنَا عَٰبِدُونَ

Жана: «Өзүбүзгө окшогон ушул эки адамга ыйман келтиребизби?! Алардын элдери (Исраил урпактары) биздин кулдарыбыз болсо?!» - дешти. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 23

فَكَذَّبُوهُمَا فَكَانُواْ مِنَ ٱلۡمُهۡلَكِينَ

Анан, экөөсүн жалганчыга чыгарып, натыйжада (деңизге чөктүрүлүп) кыйрагандардан болуп калышты. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 23

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ لَعَلَّهُمۡ يَهۡتَدُونَ

Биз (Мусанын коому) туура жолго түшүп калышса ажеп эмес деп, Мусага Китеп бердик. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 23

وَجَعَلۡنَا ٱبۡنَ مَرۡيَمَ وَأُمَّهُۥٓ ءَايَةٗ وَءَاوَيۡنَٰهُمَآ إِلَىٰ رَبۡوَةٖ ذَاتِ قَرَارٖ وَمَعِينٖ

Жана Биз Мариямдын уулу (Иса) менен апасын (Өз кудуретибизден) белги кылдык жана экөөнү (Мариям толгоо азабы менен кыйналып, өзүн койгону жай таппай калган убакта) суулуу, ыңгайлуу бийик орунга жайгаштырдык.[1] info

[1] Мариям ошол жердеги курма дарагынын бутагына асылып боюнан жеңилдейт жана кыйналганын Аллахка арызданганда ал жерден суу агып, үстүндөгү курма мөмөлөп калат.

التفاسير:

external-link copy
51 : 23

يَٰٓأَيُّهَا ٱلرُّسُلُ كُلُواْ مِنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَٱعۡمَلُواْ صَٰلِحًاۖ إِنِّي بِمَا تَعۡمَلُونَ عَلِيمٞ

Оо, пайгамбарлар! Таза-адал ырыскылардан жегиле жана жакшы амалдарды кылгыла. Мен силердин эмне кылганыңарды Билүүчүмүн. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 23

وَإِنَّ هَٰذِهِۦٓ أُمَّتُكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَأَنَا۠ رَبُّكُمۡ فَٱتَّقُونِ

Силердин бул үммөтүңөр (негизинен) бир эле үммөт. (Бардыгы жалгыз Аллахка моюн сунууга, демек Исламга чакырылган.) Мен – силердин Раббиңер боломун. Менден гана корккула! info
التفاسير:

external-link copy
53 : 23

فَتَقَطَّعُوٓاْ أَمۡرَهُم بَيۡنَهُمۡ زُبُرٗاۖ كُلُّ حِزۡبِۭ بِمَا لَدَيۡهِمۡ فَرِحُونَ

(Бирок, пайгамбарлардан кийин элдер) диндерин бөлүп кетишти. Ар бир топ (жамаат) өз алдындагы нерсе (бөлүнгөн ишеними) менен гана сүйүнүп калды. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 23

فَذَرۡهُمۡ فِي غَمۡرَتِهِمۡ حَتَّىٰ حِينٍ

Сен (оо, Мухаммад), аларды өз адашуучулугунда (азап) мезгили келгенге чейин жөн кой.[1] info

[1] Алар далилдер менен айтылган дааватты укпай коюшту. Эми аларга азап келишинен башка «шыпаа» калбады.

التفاسير:

external-link copy
55 : 23

أَيَحۡسَبُونَ أَنَّمَا نُمِدُّهُم بِهِۦ مِن مَّالٖ وَبَنِينَ

Биз алардын мал-дүйнөсүн, бала-чакасын көбөйтүп койгонубузду info
التفاسير:

external-link copy
56 : 23

نُسَارِعُ لَهُمۡ فِي ٱلۡخَيۡرَٰتِۚ بَل لَّا يَشۡعُرُونَ

Аларга жакшылыктарды тездетишибиз деп ойлошобу?! Жок, алар (Биздин айла-амалыбызды) сезбей жатышат![1] info

[1] Кежирленип, Акыйкатты кабыл албай койгон элдерге Аллах ушундай амал колдонот. Аларга нээмат-берекени төгүп-чачып берет. Алар болсо эч нерседен бейкапар «Биз Аллахка сүймөнчүк экенбиз» деп күнөө үстүнө күнөө кылып жүрө берет. Натыйжада түбөлүк тозокко ылайыгыраак болуп калат.

التفاسير:

external-link copy
57 : 23

إِنَّ ٱلَّذِينَ هُم مِّنۡ خَشۡيَةِ رَبِّهِم مُّشۡفِقُونَ

Чынында, Раббисинен коркуп, (жүрөгү) титирегендер info
التفاسير:

external-link copy
58 : 23

وَٱلَّذِينَ هُم بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِمۡ يُؤۡمِنُونَ

Жана Раббисинин аяттарына ыйман келтиргендер, info
التفاسير:

external-link copy
59 : 23

وَٱلَّذِينَ هُم بِرَبِّهِمۡ لَا يُشۡرِكُونَ

жана Раббисине шерик кылбагандар info
التفاسير: