আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

Зуха

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
بيان عناية الله بنبيه في أول أمره وآخره.
Пайгамбарынын абалкы жана кийинки иштеринин баарында Аллах Тааланын ага жардам бергени баяндалган. info

external-link copy
1 : 93

وَٱلضُّحَىٰ

Аллах күндүн баштапкы убактысы менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 93

وَٱلَّيۡلِ إِذَا سَجَىٰ

Жана кыймыл-аракет токтоп, адамдар тынчыган караңгы түн менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 93

مَا وَدَّعَكَ رَبُّكَ وَمَا قَلَىٰ

Оо, пайгамбар! Вахий басаңдап калганда мушриктер айткандай Раббиң сени таштаган жок жана сени жек көргөн жок. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 93

وَلَلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ لَّكَ مِنَ ٱلۡأُولَىٰ

Сен үчүн акырет жашоосу дүйнөдөн жакшыраак. Анткени анда түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктар бар. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 93

وَلَسَوۡفَ يُعۡطِيكَ رَبُّكَ فَتَرۡضَىٰٓ

Жакында Раббиң сага жана үммөтүңө улуу сыйлыкты берет, ошондо сен жана үммөтүң Анын бергенине ыраазы болосуңар. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 93

أَلَمۡ يَجِدۡكَ يَتِيمٗا فَـَٔاوَىٰ

Ал сени атаң кайтыш болуп калган кичине кезиңде тапты. Анан сага чоң атаң Абдулмутталипти, кийин абаң Абу Талипти сага башпаанек кылды. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 93

وَوَجَدَكَ ضَآلّٗا فَهَدَىٰ

Ал сени китеп эмне экенин, ыйман эмне экенин билбеген абалда таап, сага андагы билбеген нерселериңди үйрөттү. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 93

وَوَجَدَكَ عَآئِلٗا فَأَغۡنَىٰ

Жана сени кедей абалда таап, кийин сени байытты. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 93

فَأَمَّا ٱلۡيَتِيمَ فَلَا تَقۡهَرۡ

Жаш кезинде атасынан ажыраган адамга жаман мамиле кылба жана аны кордобо. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 93

وَأَمَّا ٱلسَّآئِلَ فَلَا تَنۡهَرۡ

Жана муктаждыгын сурап келген адамды кууба. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 93

وَأَمَّا بِنِعۡمَةِ رَبِّكَ فَحَدِّثۡ

Жана Аллахтын сага берген жакшылыктарына шүгүр кыл жана алар тууралуу айт. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• منزلة النبي صلى الله عليه وسلم عند ربه لا تدانيها منزلة.
Аллахтын алдында пайгамбардын даражасына эч бир даража тең келбейт. info

• شكر النعم حقّ لله على عبده.
Жакшылыктарга шүгүр кылуу – Аллахтын пендесинин акысы. info

• وجوب الرحمة بالمستضعفين واللين لهم.
Алсыздарга мээримдүү жана жумшак болуунун милдеттиги. info