আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

Лайл

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
بيان أحوال الخلق في الإيمان والإنفاق وحال كل فريق.
Калайыктын ыймандагы жана мунафыктыктагы абалы жана ар биринин абалы баяндалган. info

external-link copy
1 : 92

وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَغۡشَىٰ

Аллах асман менен жердин ортосун караңгылыгы менен каптаган түн менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 92

وَٱلنَّهَارِ إِذَا تَجَلَّىٰ

Жана ачылган күндүз менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 92

وَمَا خَلَقَ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ

Ал эки түрдө жараткан эркек жана аял менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 92

إِنَّ سَعۡيَكُمۡ لَشَتَّىٰ

Оо, адамдар! Чындыгында силердин иш-аракеттериңер ар башка, алардын арасында бейишке кирүүгө себеп болгон жакшылык иштер бар жана тозокко кирүүгө себеп болгон жамандык иштер бар. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 92

فَأَمَّا مَنۡ أَعۡطَىٰ وَٱتَّقَىٰ

Кимде-ким зекет берүү, каржылоо жана күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон талаптар сыяктуу сарптоого милдеттүү болгон нерсени берсе, Аллах тыйган нерседен корксо, info
التفاسير:

external-link copy
6 : 92

وَصَدَّقَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ

жана Аллах ага убада кылган артында калуучу нерсеге ишенсе, info
التفاسير:

external-link copy
7 : 92

فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلۡيُسۡرَىٰ

анда Биз ага жакшылык иштерди кылууну жана Аллах жолуна сарп кылууну жеңил кылабыз. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 92

وَأَمَّا مَنۢ بَخِلَ وَٱسۡتَغۡنَىٰ

Ал эми ким мал-мүлкүнө сараңдык кылып, сарптоого милдеттүү болгон нерсени бербесе, байлыгы себептүү Аллахка муктаж эмесмин деп, Анын жакшылыктарынан эч нерсе сурабаса, info
التفاسير:

external-link copy
9 : 92

وَكَذَّبَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ

Аллах ага убада кылган артында калуучу нерсени жана Анын жолуна сарптаган мал-мүлкүнүн сообун жалган десе, info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• أهمية تزكية النفس وتطهيرها.
Жан дүйнөнү тазартуунун маанилүүлүгү. info

• المتعاونون على المعصية شركاء في الإثم.
Күнөө иштерде бири-бирине жардам бергендер күнөөдө шерик болушат. info

• الذنوب سبب للعقوبات الدنيوية.
Күнөөлөр дүйнөдөгү жазаларга себеп болот. info

• كلٌّ ميسر لما خلق له فمنهم مطيع ومنهم عاصٍ.
Ар бир адам кайсы нерсе үчүн жаратылса, ал үчүн ошону кылуу жеңил болот, алардын арасында баш ийүүчүлөр бар жана күнөөкөрлөр да бар. info

external-link copy
10 : 92

فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلۡعُسۡرَىٰ

анда Биз ага жамандыкты жеңил кылып, жакшылыкты оор кылып коёбуз. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 92

وَمَا يُغۡنِي عَنۡهُ مَالُهُۥٓ إِذَا تَرَدَّىٰٓ

Ал өлүп, тозокко киргенде анын сараңдык кылган байлыгы ага эч кандай пайда келтирбейт. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 92

إِنَّ عَلَيۡنَا لَلۡهُدَىٰ

Акыйкат жолду жалгандан айырмалап көргөзүп берүү – Биздин милдет. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 92

وَإِنَّ لَنَا لَلۡأٓخِرَةَ وَٱلۡأُولَىٰ

Чындыгында акырет жашоосу да, дүйнө жашоосу да Бизге гана таандык. Биз ал экөөсүндө каалаганыбызды кылабыз, бул нерсе Бизден башка эч кимге таандык эмес. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 92

فَأَنذَرۡتُكُمۡ نَارٗا تَلَظَّىٰ

Оо, адамдар! Аллахка баш ийбестик кылсаңар, анда мен силерге күйүп турган отту эскерттим. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 92

لَا يَصۡلَىٰهَآ إِلَّا ٱلۡأَشۡقَى

Бул тозоктун ысыктык азабын каапыр болгон бактысыз гана тартат. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 92

ٱلَّذِي كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ

Ал пайгамбар алып келгенди жалганга чыгарып, Аллахтын буйругуна баш ийүүдөн жүз бурду. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 92

وَسَيُجَنَّبُهَا ٱلۡأَتۡقَى

Андан адамдардын эң такыбасы Абу Бакр гана алыс болот. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 92

ٱلَّذِي يُؤۡتِي مَالَهُۥ يَتَزَكَّىٰ

Ал күнөөлөрдөн тазаланыш үчүн мал-мүлкүн жакшылык жолдорго жумшайт. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 92

وَمَا لِأَحَدٍ عِندَهُۥ مِن نِّعۡمَةٖ تُجۡزَىٰٓ

Ал эч ким жете албагандай сыйлыкка жетиш үчүн мал-мүлкүн сарптайт. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 92

إِلَّا ٱبۡتِغَآءَ وَجۡهِ رَبِّهِ ٱلۡأَعۡلَىٰ

Ал сарптаган мал-мүлкү менен жараткандарынан бийик болгон Раббисинин Жүзүн гана каалайт. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 92

وَلَسَوۡفَ يَرۡضَىٰ

Ал жакында Аллахтын ага берген улуу сыйлыгына ыраазы болот. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• منزلة النبي صلى الله عليه وسلم عند ربه لا تدانيها منزلة.
Аллахтын алдында пайгамбардын даражасына эч бир даража тең келбейт. info

• شكر النعم حقّ لله على عبده.
Жакшылыктарга шүгүр кылуу – Аллахтын пендесинин акысы. info

• وجوب الرحمة بالمستضعفين واللين لهم.
Алсыздарга мээримдүү жана жумшак болуунун милдеттиги. info