আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

Мурсалат

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
الوعيد للمكذبين بالويل يوم القيامة.
Жалганга чыгаруучуларга Кыямат күнү "вайл" (азап) убада кылынган. info

external-link copy
1 : 77

وَٱلۡمُرۡسَلَٰتِ عُرۡفٗا

Аллах аттын жалындай үлгүлтүксүз шамал менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 77

فَٱلۡعَٰصِفَٰتِ عَصۡفٗا

Катуу соккон шамал менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 77

وَٱلنَّٰشِرَٰتِ نَشۡرٗا

Жамгырды тараткан шамал менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 77

فَٱلۡفَٰرِقَٰتِ فَرۡقٗا

Акыйкат менен жалганды ажыратуу үчүн түшкөн периштелерге менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 77

فَٱلۡمُلۡقِيَٰتِ ذِكۡرًا

Вахий менен түшкөн периштелер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 77

عُذۡرًا أَوۡ نُذۡرًا

Алар Аллахтын алдында адамдар актанбаш үчүн жана аларга Аллахтын азабын эскертүү максатта вахий менен түшүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 77

إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَوَٰقِعٞ

Чындыгында силерге убада кылынган кайра тирилүү, сурак алуу жана жаза-сыйлык берүү сөзсүз түрдө болот. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 77

فَإِذَا ٱلنُّجُومُ طُمِسَتۡ

Жылдыздардын нуру өчүп, жарыгы кеткенде. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 77

وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ فُرِجَتۡ

Периштелер түшүү үчүн асман ачылганда. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 77

وَإِذَا ٱلۡجِبَالُ نُسِفَتۡ

Тоолор өз ордуларынан жулунуп, чаңдай болгончо майданалып бытыраганда. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 77

وَإِذَا ٱلرُّسُلُ أُقِّتَتۡ

Пайгамбарлар белгилүү бир убакытка чогултулганда. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 77

لِأَيِّ يَوۡمٍ أُجِّلَتۡ

Өз үммөттөрүнө күбө болуш үчүн кечиктирилген улуу күн үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 77

لِيَوۡمِ ٱلۡفَصۡلِ

Пенделердин ортосун ажыратуучу күн үчүн. Ошондо чынчылдар жана жалганчылар, бактылуулар жана бактысыздар ачык билинет. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 77

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِ

Оо, пайгамбар! Сен ажыратуу күнү эмне экенин кайдан билмек? info
التفاسير:

external-link copy
15 : 77

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Ал күндө пайгамбарлар Аллах тараптан алып келген нерсени жалганга чыгаргандар үчүн кыйроо, азап жана жоготуу болсун! info
التفاسير:

external-link copy
16 : 77

أَلَمۡ نُهۡلِكِ ٱلۡأَوَّلِينَ

Биз Аллахка каапырлык кылган, пайгамбарларын жалганга чыгарган мурунку коомдорду жок кылбадык беле? info
التفاسير:

external-link copy
17 : 77

ثُمَّ نُتۡبِعُهُمُ ٱلۡأٓخِرِينَ

Алардын артынан кийинки муундарды кошуп, тигилерди жок кылгандай жок кылабыз. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 77

كَذَٰلِكَ نَفۡعَلُ بِٱلۡمُجۡرِمِينَ

Тигил коомдорду жок кылган сыяктуу Мухаммад алып келгенди жалганга чыгарган күнөөкөрлөрдү да жок кылабыз. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 77

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Ал күнү Аллахтын күнөөкөрлөрдү жазалайм деген убадасын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун! info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• خطر التعلق بالدنيا ونسيان الآخرة.
Дүйнөгө байлануунун жана акыретти унутуунун коркунучу. info

• مشيئة العبد تابعة لمشيئة الله.
Пенденин каалоосу Аллахтын каалоосуна баш ийет. info

• إهلاك الأمم المكذبة سُنَّة إلهية.
Жалганчы коомдорду жок кылуу – Аллахтын белгилеген жолу. info