আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

Талак

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
بيان أحكام الطلاق وتعظيم حدوده وثمرات التقوى.
Талактын өкүмдөрү, анын чегин сактоонун зарылдыгы, такыбалыктын мөмөлөрү тууралуу баяндалган. info

external-link copy
1 : 65

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِذَا طَلَّقۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَطَلِّقُوهُنَّ لِعِدَّتِهِنَّ وَأَحۡصُواْ ٱلۡعِدَّةَۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ رَبَّكُمۡۖ لَا تُخۡرِجُوهُنَّ مِنۢ بُيُوتِهِنَّ وَلَا يَخۡرُجۡنَ إِلَّآ أَن يَأۡتِينَ بِفَٰحِشَةٖ مُّبَيِّنَةٖۚ وَتِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِۚ وَمَن يَتَعَدَّ حُدُودَ ٱللَّهِ فَقَدۡ ظَلَمَ نَفۡسَهُۥۚ لَا تَدۡرِي لَعَلَّ ٱللَّهَ يُحۡدِثُ بَعۡدَ ذَٰلِكَ أَمۡرٗا

О, пайгамбар! Эгерде сен же сенин үммөтүңдөн кимдир бирөө аялына талак бермекчи болсо, ага биринчи идда мөөнөтүндө талак берсин, тагыраак айтканда, айыздан тазалангандан кийин жыныстык катнаш кылбай туруп талак берсин. Эгерде аялыңарды өзүңөргө кайтарууну кааласаңар, анда аларды кайтарып алууңар үчүн идда мөөнөтүн эстеп калгыла. Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахтан корккула. Талак берген аялдарыңарды алар жашаган үйдөн чыгарбагыла жана идда мөөнөтү бүтмөйүнчө өздөрү да чыкпасын, эгер алар зына сыяктуу ачык бузукулук кылбаган болсо. Бул өкүмдөр пенделерине Аллахтын белгилеп койгон чектери. Ким Аллахтын чегинен чыкса, анда ал Раббисине баш ийбегени үчүн өзүнө-өзү зыян келтирип зулумдук кылды. Эй, ажырашуучу! Балким, Аллах андан кийин жүрөгүнө каалоо киргизип, аялын кайра өзүнө аялдыкка алар, муну сен билбейсиң. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 65

فَإِذَا بَلَغۡنَ أَجَلَهُنَّ فَأَمۡسِكُوهُنَّ بِمَعۡرُوفٍ أَوۡ فَارِقُوهُنَّ بِمَعۡرُوفٖ وَأَشۡهِدُواْ ذَوَيۡ عَدۡلٖ مِّنكُمۡ وَأَقِيمُواْ ٱلشَّهَٰدَةَ لِلَّهِۚ ذَٰلِكُمۡ يُوعَظُ بِهِۦ مَن كَانَ يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ وَمَن يَتَّقِ ٱللَّهَ يَجۡعَل لَّهُۥ مَخۡرَجٗا

Эгерде алардын идда мөөнөтүнүн бүтүшү жакындап калса, анда аларды чын көңүл жана жакшы мамиле менен кайтарып алгыла же алардын алдындагы милдеттерди аткаруу менен бирге алар өзүнө-өзү ээлик кылыш үчүн аларды кайтарбастан иддасы бүткүчө күткүлө. Эгерде аларды кайтарууну же ажырашууну кааласаңар, анда талаш-тартыш жаралбаш үчүн араңардан эки адилеттүү адамды күбө кылгыла. Эй, күбөлөр! Аллахтын Жүзүн көздөп күбөгө өткүлө. Бул айтылган өкүмдөр Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтиргендерге эскертме. Анткени ошолор эскертмеден жана насааттардан пайда алышат. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Аллах аны башына түшкөн бардык кыйынчылыктардан чыгарат. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 65

وَيَرۡزُقۡهُ مِنۡ حَيۡثُ لَا يَحۡتَسِبُۚ وَمَن يَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِ فَهُوَ حَسۡبُهُۥٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ بَٰلِغُ أَمۡرِهِۦۚ قَدۡ جَعَلَ ٱللَّهُ لِكُلِّ شَيۡءٖ قَدۡرٗا

Жана ага оюна келбеген тараптан ырыскы берет. Ким өз иштеринде Аллахка таянса, Ал ага жетиштүү. Чындыгында Аллах Өз буйругун ишке ашыруучу. Аны эч нерсе алсырата албайт жана Ал бир дагы нерсени өткөрүп жибербейт. Аллах ар бир нерсенин бүтө турган өлчөмүн белгилеп койгон. Кыйынчылыктын да өлчөмү бар, бакубатчылыктын да өлчөмү бар. Инсанда алардын бирөөсү эле дайым боло бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 65

وَٱلَّٰٓـِٔي يَئِسۡنَ مِنَ ٱلۡمَحِيضِ مِن نِّسَآئِكُمۡ إِنِ ٱرۡتَبۡتُمۡ فَعِدَّتُهُنَّ ثَلَٰثَةُ أَشۡهُرٖ وَٱلَّٰٓـِٔي لَمۡ يَحِضۡنَۚ وَأُوْلَٰتُ ٱلۡأَحۡمَالِ أَجَلُهُنَّ أَن يَضَعۡنَ حَمۡلَهُنَّۚ وَمَن يَتَّقِ ٱللَّهَ يَجۡعَل لَّهُۥ مِنۡ أَمۡرِهِۦ يُسۡرٗا

Талак берилген аялдар карылык себептүү айызы токтоп калган болсо жана силер алардын идда мөөнөтү тууралуу шектенсеңер, алардын идда мөөнөтү үч айга барабар. Ал эми жаштыгы себептүү айызы келбегендердин идда мөөнөтү да үч айга барабар. Кош бойлуу аялдардын талакка же күйөөсү өлгөнгө байланыштуу идда мөөнөтү бала төрөлүшү менен бүтөт. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Аллах анын иштерин жеңилдетет жана ага бардык кыйынчылыктарды жеңил кылат. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 65

ذَٰلِكَ أَمۡرُ ٱللَّهِ أَنزَلَهُۥٓ إِلَيۡكُمۡۚ وَمَن يَتَّقِ ٱللَّهَ يُكَفِّرۡ عَنۡهُ سَيِّـَٔاتِهِۦ وَيُعۡظِمۡ لَهُۥٓ أَجۡرًا

Оо, ыймандуулар! Талак берүүгө, кайра кайтарууга жана идда мөөнөтүнө байланыштуу бул айтылган өкүмдөр – Аллах силерди иш жүзүндө аткарсын деп түшүргөн өкүмү. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Ал анын кылган күнөөлөрүн өчүрөт жана акыретте улуу сыйлыкты берет. Ал –бейишке кирүү жана эч качан бүтпөгөн жыргалчылыкка жетүү. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• خطاب النبي صلى الله عليه وسلم خطاب لأمته ما لم تثبت له الخصوصية.
Пайгамбардын кайрылуусу жекече экени тастыкталмайынча, жалпы үммөткө карата кайрылуу болуп эсептелет. info

• وجوب السكنى والنفقة للمطلقة الرجعية.
Күйөөсүнө кайтууга мүмкүнчүлүгү бар талак алган аялдарды турак-жай менен камсыздоо жана аларды каржылоо милдет. info

• النَّدْب إلى الإشهاد حسمًا لمادة الخلاف.
Талаш-тартышты жөнгө салыш үчүн күбөлөрдү чакырууга үндөө. info

• كثرة فوائد التقوى وعظمها.
Такыбалыктын пайдаларынын көптүгү жана анын улуктугу. info