আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
6 : 61

وَإِذۡ قَالَ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ يَٰبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ إِنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُم مُّصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيَّ مِنَ ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَمُبَشِّرَۢا بِرَسُولٖ يَأۡتِي مِنۢ بَعۡدِي ٱسۡمُهُۥٓ أَحۡمَدُۖ فَلَمَّا جَآءَهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ قَالُواْ هَٰذَا سِحۡرٞ مُّبِينٞ

Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Мариямдын уулу Иса мындай деди: «Оо, Исраил урпактары! Мен мурунку түшкөн Тооратты тастыктоо үчүн жана менден кийин келе турган, ысымы Ахмад деген пайгамбар тууралуу сүйүнчүлөш үчүн Аллах тараптан силерге жиберилген элчимин. Мен пайгамбарлардан биринчиси эмесмин». Качан Иса аларга чынчылдыгын билдирген далилдерди алып келгенде, алар: «Бул анык эле сыйкыр. Биз аны ээрчибейбиз» – дешти. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 61

وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ وَهُوَ يُدۡعَىٰٓ إِلَى ٱلۡإِسۡلَٰمِۚ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Аллахка жалган жалаа жапкан адамдан өткөн эч бир залым жок. Анткени ал жалгыз Аллахка сыйынуу дини болгон Исламга чакырылганда, ал Аллахка башка шериктерди кошуп, аларга сыйынды. Аллах ширк жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулумдук кылган адамдарга туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 61

يُرِيدُونَ لِيُطۡفِـُٔواْ نُورَ ٱللَّهِ بِأَفۡوَٰهِهِمۡ وَٱللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡكَٰفِرُونَ

Ал жалганчылар бузуку сөздөр жана акыйкатты бурмалоо менен Аллахтын нурун өчүрүүнү каалашат. Аллах болсо алардын текеберлигине карабастан, жердин батышы менен чыгышында динин ачыкка чыгаруу жана сөзүн бийик кылуу менен Өзүнүн нурун толуктайт. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 61

هُوَ ٱلَّذِيٓ أَرۡسَلَ رَسُولَهُۥ بِٱلۡهُدَىٰ وَدِينِ ٱلۡحَقِّ لِيُظۡهِرَهُۥ عَلَى ٱلدِّينِ كُلِّهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡمُشۡرِكُونَ

Жер бетинде анын бийлиги орношун жек көргөн мушриктердин текеберлигине карабастан, бардык диндерге үстөм кылуу үчүн, Аллах Өзүнүн элчиси Мухаммадды жакшылыкка туура багыт көрсөтүүчү жана пайдалуу илим менен жакшылык иштердин дини болгон Ислам дини менен жиберди. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 61

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ هَلۡ أَدُلُّكُمۡ عَلَىٰ تِجَٰرَةٖ تُنجِيكُم مِّنۡ عَذَابٍ أَلِيمٖ

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Силерди кыйноочу азаптан куткара турган пайдалуу сооданы көргөзөйүнбү? info
التفاسير:

external-link copy
11 : 61

تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتُجَٰهِدُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ بِأَمۡوَٰلِكُمۡ وَأَنفُسِكُمۡۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ

Ал пайдалуу соода мындай – Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиресиңер жана өз жаныңарды жана мал-мүлкүңөрдү Анын ыраазылыгы үчүн сарптап, Анын жолунда согушасыңар. Эгер билсеңер, бул айтылган иш силер үчүн жакшыраак. Андыктан ага шашылгыла. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 61

يَغۡفِرۡ لَكُمۡ ذُنُوبَكُمۡ وَيُدۡخِلۡكُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ وَمَسَٰكِنَ طَيِّبَةٗ فِي جَنَّٰتِ عَدۡنٖۚ ذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ

Бул сооданын пайдасы – Аллах силердин күнөөлөрүңөрдү кечирип, хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет жана көчпөй турукташып жашаган бейиштердеги кооз турак-жайларга киргизет. Бул айтылган сыйлык – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 61

وَأُخۡرَىٰ تُحِبُّونَهَاۖ نَصۡرٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَفَتۡحٞ قَرِيبٞۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Бул сооданын пайдасынын силерге жаккан дагы бир өзгөлүгү бар, ал бул дүйнөдө ишке ашат – ал Аллахтын силерди душманыңардын үстүнөн жеңишке жеткирүүсү жана жакында болуучу жеңиш, ал Меккени жана башка жерлерди багынтуу. Оо, пайгамбар! Ыймандууларга аларды кубанткан бул дүйнөдөгү жеңишти жана акыретте бейишке кирүү жеңишин кабарла. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 61

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُونُوٓاْ أَنصَارَ ٱللَّهِ كَمَا قَالَ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ لِلۡحَوَارِيِّـۧنَ مَنۡ أَنصَارِيٓ إِلَى ٱللَّهِۖ قَالَ ٱلۡحَوَارِيُّونَ نَحۡنُ أَنصَارُ ٱللَّهِۖ فَـَٔامَنَت طَّآئِفَةٞ مِّنۢ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ وَكَفَرَت طَّآئِفَةٞۖ فَأَيَّدۡنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ عَلَىٰ عَدُوِّهِمۡ فَأَصۡبَحُواْ ظَٰهِرِينَ

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Исанын жолдоочулары колдоо көргөзгөн сыяктуу силер дагы пайгамбарыңар алып келген Аллахтын динине колдоо көргөзүп, Анын колдоочулары болгула! Качан Иса аларга: «Аллахтын жолунда ким мага жардамчы болот?» – дегенде, алар: «Биз Аллахтын жардамчылары болобуз» – деп дароо жооп беришти. Анан Исраил урпактарынын бир бөлүгү ага ыйман келтирип, башка бир бөлүгү ага каапырлык кылышты. Ошентип, Биз Исага ыйман келтиргендерди ага каапырлык кылгандарга каршы колдодук, нажыйтажа алардын үстүнөн жеңишке жетишти. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• تبشير الرسالات السابقة بنبينا صلى الله عليه وسلم دلالة على صدق نبوته.
Мурунку китептерде пайгамбарыбыз тууралуу сүйүнчү кабардын айтылуусу – анын пайгамбарлыгынын чындык экенине далил болот. info

• التمكين للدين سُنَّة إلهية.
Диндин бийликке жетүүсү – Аллахтын белгилеп койгон жолу. info

• الإيمان والجهاد في سبيل الله من أسباب دخول الجنة.
Ыйман келтирүү жана Аллах жолунда согушуу бейишке кирүү себептеринен. info

• قد يعجل الله جزاء المؤمن في الدنيا، وقد يدخره له في الآخرة لكنه لا يُضَيِّعه - سبحانه -.
Аллах ыймандуунун сыйлыгын бул дүйнөдө бериши мүмкүн же акыретке сактап коюшу мүмкүн. Бирок Ал аны эч качан текке кетирбейт. info