আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

Анъам

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
تقرير عقيدة التوحيد والرد على ضلالات المشركين.
Тавхид акыйдасын баяндоо жана мушриктердин адашууларына каяша жооп берүү. info

external-link copy
1 : 6

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَجَعَلَ ٱلظُّلُمَٰتِ وَٱلنُّورَۖ ثُمَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡ يَعۡدِلُونَ

Жакшы көрүү менен айтылган, өтө көркөм, толук сыпатталган мактоолор Аллахка гана тиешелүү. Ал мурда эч окшошу болбогон асман жана жерди жаратты, бири-биринин артынан ээрчип жүргөн түн менен күндүздү жаратты. Түндү караңгы, күндүздү жарык кылды. Ушуга карабастан, каапырлар Ага башка нерсени теңеп, шерик кошуп алышты. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 6

هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن طِينٖ ثُمَّ قَضَىٰٓ أَجَلٗاۖ وَأَجَلٞ مُّسَمًّى عِندَهُۥۖ ثُمَّ أَنتُمۡ تَمۡتَرُونَ

Эй, адамдар, Ал кемчиликсиз Зат атаңар Адамды (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) жаратканда силерди топурактан жаратты. Кийин дүйнө жашоосунда жашап турууңар үчүн силерге мөөнөт берди. анан кыямат күнү силерди кайра тирилтип чыгаруу үчүн Өзүнөн башка эч ким билбеген ажал мөөнөтүн берди. Ушундан кийин да Аллахтын кайра тирилтүүчү кудуретине ишенбей шектенесиңер. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 6

وَهُوَ ٱللَّهُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَفِي ٱلۡأَرۡضِ يَعۡلَمُ سِرَّكُمۡ وَجَهۡرَكُمۡ وَيَعۡلَمُ مَا تَكۡسِبُونَ

Ал кемчиликсиз Зат асман-жердегинин баары Ага ибадат кылуусуна татыктуу, Ага эч нерсе жашыруун боюнча калбайт, Ал силер ниетиңерди, сөзүңөрдү, ишиңерди жашырсаңар да, ачык кылсаңара да билип турат. Кийин ошого жараша сыйлайт же азаптайт info
التفاسير:

external-link copy
4 : 6

وَمَا تَأۡتِيهِم مِّنۡ ءَايَةٖ مِّنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِمۡ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ

Бутпарастарга Жаратуучуңардан далил, белги келсе, ага көңүл бурбастан таштап коюшту. Чынында аларга Аллахтын жалгыздыгын далидеген айдан ачык бир канча далил, белгилер келди, Аллахтын элчисинин чындык экенине бир канча далиллдер келди. Ошого карабастан кош көңүлдүк менен жүз буруп, тескери кетишти. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 6

فَقَدۡ كَذَّبُواْ بِٱلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمۡ فَسَوۡفَ يَأۡتِيهِمۡ أَنۢبَٰٓؤُاْ مَا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ

Алар ачык-айкын далил, белгилерден баш тартуу менен андан да ачык болгон нерседен баш тартып алышты. Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, салматтыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген Куранды жалган дешти. Жакында кыямат күнү азапты көргөндө аларга келген чындыкты шылдыңдаган кандай болорун билишет. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 6

أَلَمۡ يَرَوۡاْ كَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِن قَبۡلِهِم مِّن قَرۡنٖ مَّكَّنَّٰهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَا لَمۡ نُمَكِّن لَّكُمۡ وَأَرۡسَلۡنَا ٱلسَّمَآءَ عَلَيۡهِم مِّدۡرَارٗا وَجَعَلۡنَا ٱلۡأَنۡهَٰرَ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهِمۡ فَأَهۡلَكۡنَٰهُم بِذُنُوبِهِمۡ وَأَنشَأۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِمۡ قَرۡنًا ءَاخَرِينَ

Заалым үммөттөрдү кыйратып жок кылчу Аллахтын жолун бул каапырлар билбейби? Чынында Аллах Таала бул каапырларга бербеген жерди берген, булрада жок күчтү берген канчалаган элдерди жок кылды. Аларга асмандан утуру жамгыр жаадырып турчу, турган жерлерин аралай дарыяларды агызып койгон эле. Кийин алар Аллахка күнөөкөр болушту, күнөөгө баткандыгы үчүн аларды кыйратып жок кылды, анан алардын ордуна башка элдерди жаратты info
التفاسير:

external-link copy
7 : 6

وَلَوۡ نَزَّلۡنَا عَلَيۡكَ كِتَٰبٗا فِي قِرۡطَاسٖ فَلَمَسُوهُ بِأَيۡدِيهِمۡ لَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٞ

Оо, элчи, эгер сага барактарга жазылган китепти түшүрсөк, алар аны өз көзү менен көрүп, анан колдору менен кармап көргөнүн тастыктаса да, баары бир аны тан албай, ишенбей коймок жана: сен алып келген нерсе анык сыйкыр экен, биз буга эч ишенбейбиз деп айтышмак. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 6

وَقَالُواْ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ مَلَكٞۖ وَلَوۡ أَنزَلۡنَا مَلَكٗا لَّقُضِيَ ٱلۡأَمۡرُ ثُمَّ لَا يُنظَرُونَ

Тиги каапырлар: Эгер Аллах Таала Мухаммадга бир периштени түшүрүп, ал анын чындык экенине күбө өтүп бизге сүйлөгөндө, ошондо ага ишенмекпиз дешет. Эгер алар сыпаттагандай периштени түшүргөнүбүздө да ишенишпесе, аларды кыйратып жок кылмакпыз, анда аларга тообо кылууга мөөнөт да берилмек эмес. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• شدة عناد الكافرين، وبيان إصرارهم على الكفر على الرغم من قيام الحجة عليهم بالأدلة الحسية.
Каапырлардын өтө кежирдиги, аларга даана сезиле турган ачык-айкын далилдер көрсөтүлсө да каапырлыгын уланта берери баян кылынды info

• التأمل في سنن الله تعالى في السابقين لمعرفة أسباب هلاكهم والحذر منها.
Мурдагы коомдордун кыйратылып жок болгон себебин билип, андан сак болуу үчүн Аллах Тааланын мурдагыларга болгон сүннөт-жолуна ой жүгүртүү керек info

• من رحمة الله بعباده أن لم ينزل لهم رسولًا من الملائكة لأنهم لا يمهلون للتوبة إذا نزل.
Аллах Тааланын пенделерине болгон дагы бир ырайымы - аларга периштени элчи кылып түшүрбөгөнү, эгер түшүргөндө анда аларга тообо кылууга мүмкүнчүлүк берилмек эмес. info