আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

external-link copy
33 : 31

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمۡ وَٱخۡشَوۡاْ يَوۡمٗا لَّا يَجۡزِي وَالِدٌ عَن وَلَدِهِۦ وَلَا مَوۡلُودٌ هُوَ جَازٍ عَن وَالِدِهِۦ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُم بِٱللَّهِ ٱلۡغَرُورُ

Эй, адамдар! Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула! Жана атасы баласына, баласы атасына эч пайда келтире албаган күндүн азабынан корккула! Чындыгында Аллахтын кыямат күнүндөгү сыйлык же жаза тууралуу берген убадасы анык жана сөзсүз болот. Андыктан силерди дүйнө жашоосунун ырахаттары жана жыргалчылыктары азгырып койбосун жана шайтан силерди Аллахтын токтоолугу жана азапты кечиктирүүсү менен алдап койбосун. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• نقص الليل والنهار وزيادتهما وتسخير الشمس والقمر: آيات دالة على قدرة الله سبحانه، ونعمٌ تستحق الشكر.
Түн менен күндүн узарышы жана кыскарышы, Күн менен Айдын кызмат кылуусу – Аллахтын кудуреттүүлүгүн билдирген керемет-белгилерден жана шүгүр кылууну талап кылган жакшылыктардан. info

• الصبر والشكر وسيلتان للاعتبار بآيات الله.
Сабырдуулук жана шүгүр кылуу – Аллахтын керемет-белгилеринен ибарат алууга себеп болот. info

• الخوف من القيامة يقي من الاغترار بالدنيا، ومن الخضوع لوساوس الشياطين.
Кыяматтан коркуу дүйнөгө азгырылуудан жана шайтандын азгырыктарын ээрчүдөн сактайт. info

• إحاطة علم الله بالغيب كله.
Аллах кайыптын баарын билет. info