আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

external-link copy
39 : 24

وَٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَعۡمَٰلُهُمۡ كَسَرَابِۭ بِقِيعَةٖ يَحۡسَبُهُ ٱلظَّمۡـَٔانُ مَآءً حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَهُۥ لَمۡ يَجِدۡهُ شَيۡـٔٗا وَوَجَدَ ٱللَّهَ عِندَهُۥ فَوَفَّىٰهُ حِسَابَهُۥۗ وَٱللَّهُ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ

Аллахка каапырлык кылгандардын соопсуз иш-аракеттери ылдый жерде көрүнгөн закым сымал. Суусаган адам аны көргөндө суу деп ойлойт. Качан анын жанына келгенде сууну таппай калат. Ошол сыяктуу каапыр дагы анын иш-аракеттери ага пайда берет деп ойлойт. Качан ал өлүп, кийин кайра тирилгенде алардын сообун таппай калат. Ал бет алдында Аллахты табат. Ошондо Ал анын иш-аракеттеринин эсебин толук кылып эсептейт. Аллах тез сурак алуучу. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• موازنة المؤمن بين المشاغل الدنيوية والأعمال الأخروية أمر لازم.
Ыймандуу адам үчүн дүйнө иштери менен акырет иштерин тең салмакта кармоосу зарылдуу иштерден. info

• بطلان عمل الكافر لفقد شرط الإيمان.
Ыймандын шарты аткарылбаганы себептүү каапырдын кылган иштери жокко чыгарылат. info

• أن الكافر نشاز من مخلوقات الله المسبِّحة المطيعة.
Каапыр адам – Аллахка моюн сунган, Аны аруулаган жаратылгандардын ичинен Ага баш ийбегени. info

• جميع مراحل المطر من خلق الله وتقديره.
Жамгырдын пайда болуу этаптарынын баарысы Аллахтын жаратуусунан жана өлчөм-тагдырынан. info