আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

кадыр

external-link copy
1 : 97

إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ فِي لَيۡلَةِ ٱلۡقَدۡرِ

Чынында, Биз аны (Куранды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 97

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا لَيۡلَةُ ٱلۡقَدۡرِ

Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк,) сен кайдан билмек элең?![1] info

[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам не окууну, не жазууну билбеген сабатсыз (уммий) киши эле. Ага бардык илимди, ошонун арасынан Кадыр түнү жөнүндөгү илимди да Аллах тааланын Өзү Жебирейил периште аркылуу үйрөткөн.

التفاسير:

external-link copy
3 : 97

لَيۡلَةُ ٱلۡقَدۡرِ خَيۡرٞ مِّنۡ أَلۡفِ شَهۡرٖ

Кадыр түнү миң айдан да жакшы. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 97

تَنَزَّلُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ فِيهَا بِإِذۡنِ رَبِّهِم مِّن كُلِّ أَمۡرٖ

(Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 97

سَلَٰمٌ هِيَ حَتَّىٰ مَطۡلَعِ ٱلۡفَجۡرِ

Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)![1] info

[1] Анткени, бул түнү Рамазан айынын бардык түндөрү сыяктуу, адамдарды азгыра турган шайтандар кишенделген болот.

التفاسير: