আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

Алак

external-link copy
1 : 96

ٱقۡرَأۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلَّذِي خَلَقَ

Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен![1] info

[1] «Алактын» мааниси «Уюган кан». Куран аяттарынын ичинде эң биринчи түшкөнү менен өзгөчөлөнгөн бул сүрөнүн дагы бир аталышы «Икроь».

التفاسير:

external-link copy
2 : 96

خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِنۡ عَلَقٍ

Ал инсанды уюган кандан жаратты. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 96

ٱقۡرَأۡ وَرَبُّكَ ٱلۡأَكۡرَمُ

Оку, сенин Раббиң эң улук Зат! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 96

ٱلَّذِي عَلَّمَ بِٱلۡقَلَمِ

Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 96

عَلَّمَ ٱلۡإِنسَٰنَ مَا لَمۡ يَعۡلَمۡ

Инсанга билбегенин (Куранды жана башка илимдерди) билгизди. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 96

كَلَّآ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لَيَطۡغَىٰٓ

Жок! Чынында, инсан чектен ашат info
التفاسير:

external-link copy
7 : 96

أَن رَّءَاهُ ٱسۡتَغۡنَىٰٓ

өзүн бай-беймуктаж көргөндө![1] info

[1] Раббисин жана Акыреттеги сот-суракты унутат. Өзү унутканы жетпегендей, башкаларды дагы жолдон урат, сооп иштерден, намаздан тыят.

التفاسير:

external-link copy
8 : 96

إِنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلرُّجۡعَىٰٓ

Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 96

أَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي يَنۡهَىٰ

Көрдүңбү сен тыюу салган кишини info
التفاسير:

external-link copy
10 : 96

عَبۡدًا إِذَا صَلَّىٰٓ

намаз окуган пендеге? info
التفاسير:

external-link copy
11 : 96

أَرَءَيۡتَ إِن كَانَ عَلَى ٱلۡهُدَىٰٓ

Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо... info
التفاسير:

external-link copy
12 : 96

أَوۡ أَمَرَ بِٱلتَّقۡوَىٰٓ

Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса… info
التفاسير:

external-link copy
13 : 96

أَرَءَيۡتَ إِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰٓ

(Оо, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе? info
التفاسير:

external-link copy
14 : 96

أَلَمۡ يَعۡلَم بِأَنَّ ٱللَّهَ يَرَىٰ

Билбейби ал Аллах көрүп турганын?! info
التفاسير:

external-link copy
15 : 96

كَلَّا لَئِن لَّمۡ يَنتَهِ لَنَسۡفَعَۢا بِٱلنَّاصِيَةِ

Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз! info
التفاسير:

external-link copy
16 : 96

نَاصِيَةٖ كَٰذِبَةٍ خَاطِئَةٖ

Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан! info
التفاسير:

external-link copy
17 : 96

فَلۡيَدۡعُ نَادِيَهُۥ

Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин! info
التفاسير:

external-link copy
18 : 96

سَنَدۡعُ ٱلزَّبَانِيَةَ

Биз дагы (“Забания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз! info
التفاسير:

external-link copy
19 : 96

كَلَّا لَا تُطِعۡهُ وَٱسۡجُدۡۤ وَٱقۡتَرِب۩

Жок, сен ага[1] моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллах таалага) жакын бол![2] info

[1] Намаздан тоскон адамга.
[2] Бул аят Ыйык Курандагы он төрт орунда келчү сажда аяттарынын бири.

التفاسير: