আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

Буруж

external-link copy
1 : 85

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلۡبُرُوجِ

Мен топ жылдыздар мекени – асманга ант ичип, info
التفاسير:

external-link copy
2 : 85

وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡمَوۡعُودِ

Убада кылынган (Кыямат) күнгө ант ичип. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 85

وَشَاهِدٖ وَمَشۡهُودٖ

(Ошол күнгө) күбө болгондорго жана күбө болунган(окуялар)га ант ичип (айтамын): info
التفاسير:

external-link copy
4 : 85

قُتِلَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡأُخۡدُودِ

Чуңкур ээлерине – өлүм болсун![1] info

[1] Бул чуңкурду байыркы заманда жашаган каапыр адамдар өздөрүнүн көп кудайлык динине баш ийбей, жалгыз Аллах таалага ибадат кылган ыймандууларды жазалаш үчүн даярдаган. Ал кандай чуңкур болгонун кийинки аяттан билип алабыз.

التفاسير:

external-link copy
5 : 85

ٱلنَّارِ ذَاتِ ٱلۡوَقُودِ

(Ал чуңкур) отундуу жалын! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 85

إِذۡ هُمۡ عَلَيۡهَا قُعُودٞ

Ошондо, алар (отко ыргытылган ыймандуулардын күйгөнүнөн ырахат алып) чуңкурдун жээгинде олтурушкан! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 85

وَهُمۡ عَلَىٰ مَا يَفۡعَلُونَ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ شُهُودٞ

Алар(дын желдеттери) ыймандууларга жасап жаткан (азаптуу) иштерге күбө болуп турушкан! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 85

وَمَا نَقَمُواْ مِنۡهُمۡ إِلَّآ أَن يُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَمِيدِ

(Каапырлар) аларды Жеңүүчү, мактоого арзыган Аллахка ыйман келтиргендери үчүн гана азапка салышты![1] info

[1] Жалгыз Аллахка ыйман келтирген момундарды чуңкурдун жээгине алып келип “ыйманыңдан кайт!” деп талап коюшкан. Ыймандан кайтпагандарды жалындуу чуңкурга ыргытып жиберишкен.

التفاسير:

external-link copy
9 : 85

ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ

Ал асмандар жана жер мүлкүнүн (жалгыз) Ээси! Аллах ар бир нерсеге Күбө! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 85

إِنَّ ٱلَّذِينَ فَتَنُواْ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ ثُمَّ لَمۡ يَتُوبُواْ فَلَهُمۡ عَذَابُ جَهَنَّمَ وَلَهُمۡ عَذَابُ ٱلۡحَرِيقِ

Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды динден кайтарууга аракеттенип, кийин тообо кылбагандарга тозок азабы бар! Жана аларга күйдүрүүчү азап бар! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 85

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ جَنَّٰتٞ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۚ ذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡكَبِيرُ

Ал эми, (Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнгө, жана жакшы-жаман тагдырга) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган пенделер үчүн түбүнөн дарыялар аккан бейиштер бар! Бул – чоң жеңиш! info
التفاسير:

external-link copy
12 : 85

إِنَّ بَطۡشَ رَبِّكَ لَشَدِيدٌ

Чынында, Раббиңдин (азап менен) кармашы аябай катуу! info
التفاسير:

external-link copy
13 : 85

إِنَّهُۥ هُوَ يُبۡدِئُ وَيُعِيدُ

Бир Өзү гана жоктон бар кылат жана (Кыяматта жашоону) кайра жаратат. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 85

وَهُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلۡوَدُودُ

Ал – Кечиримдуу, (жана) Вадууд![1] info

[1] Өзүнө моюн сунгандарды сүйүүчү жана Өзү дагы ыймандуулар тарабынан катуу сүйүлгөн.

التفاسير:

external-link copy
15 : 85

ذُو ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡمَجِيدُ

(Ал) Арштын Кожоюну (жана) Улук! info
التفاسير:

external-link copy
16 : 85

فَعَّالٞ لِّمَا يُرِيدُ

Каалаганын жасоочу! info
التفاسير:

external-link copy
17 : 85

هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ٱلۡجُنُودِ

(Оо, Мухаммад) сага (Мусанын артынан кууган) аскерлердин, info
التفاسير:

external-link copy
18 : 85

فِرۡعَوۡنَ وَثَمُودَ

Фараондун жана Самуд коомунун кабары келди беле? info
التفاسير:

external-link copy
19 : 85

بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فِي تَكۡذِيبٖ

Жок, каапырлар (дагы эле, Куранды жана кайра тирилүүнү) «жалган» дешүүдө. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 85

وَٱللَّهُ مِن وَرَآئِهِم مُّحِيطُۢ

Аллах болсо, алардын (бардык иштерин) камтып-билип турат. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 85

بَلۡ هُوَ قُرۡءَانٞ مَّجِيدٞ

Аныгында ал - Улуу Куран! (Каапырлар миң ирет «жалган» десе да кадыр-баркы төмөндөбөйт. Себеби, ал:) info
التفاسير:

external-link copy
22 : 85

فِي لَوۡحٖ مَّحۡفُوظِۭ

Лавхул- Махфузда! info
التفاسير: