[1] Ушул аят ыймандын көбөйүп-азайып туруусуна далил болот.
[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам мушриктердин кербени Шамдан (азыркы Сирия, Палестина өлкөлөрү) кайтып келе жатканын угуп, аны колго алуу үчүн үч жүз он чамалуу сахабалары менен чыкканда, мушриктердин кербен башчысы Абу Суфян муну билип калат жана Меккеге кабар жиберет. Мекке мушриктери кербенин коргоп калуу үчүн миң чактуу кол менен Мединаны көздөй басат. Алар “Бадр” деген жерге жетип келгенде, Аллах Өз пайгамбарына кербенди жөн коюп, мушрик аскерлери менен беттешүүгө буюрат. Бул илахий кабарды өзү менен чыккандарга билдиргенде кээ бир сахабалар: “Оо, Аллахтын элчиси! Курал-жарагы менен, камданып келген аскерге туруштук бере албайбыз. Андан көрө, мына бул кербенди колдон чыгарбайлычы”- дешип кербенди колго алууну каалашат.
[1] Же мушриктердин кербенин же аскерлерин.
[2] Анткени, аскерлердин арасында мушриктердин эң ашынгандары, башчылары, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга жана Исламга өтө кас болгондору бар эле. Аллах ошолорду өлтүрүп, “каапырлардын артын кыркып” азайтып, алсыздандырууну каалады.