[1] Демек, ар дайым Аллах тааладан кечирим сурап туруу ырыскынын мол болуусуна себеп болот экен.
[1] Бул аяттагы «доор» деген сөздү кээ бир аалымдар эненин жатынындагы түйүлдүк доорунан баштап, төрөлгөндөн кийинки бөбөктүк, балалык, өспүрүмдүк, жигиттик (селкилик) орто жаш, карылык доорлору деп түшүндүрүшөт.
[1] Имам Бухарий жана Имам Муслимдердин "Сахих" китептеринде Абу Хурайра деген сахабадан риваят кылынган хадисте айтылышы боюнча адамдар өлгөндө денеси чирип, топуракка айланат. Бир гана омуртканын эң этегиндеги чычаң сөөк чирибейт. Кыяматта асмандан инсандын бел суусу сыяктанган жамгыр жаайт жана мүрзөлөрдө чирип жаткан денелер ошол чычаң сөөктөгү данегинен кудум өсүмдүктөр сыяктуу өнүп чыгат.
[1] Нухтун дааватына эң ириде дүйнөсү, бала-чакасы көп байлар, күч-кубаттуу адамдар каршы чыгышты. Алар элди Нухка каршы кайраштырып, натыйжада эл дагы аларды ээрчиди.
[1] Нухтун эли “Вадд”, “Сува”, “Ягус”, “Яук” жана “Наср” деп аталган бут-кудайларга ибадат кылышчу. Аталган ысымдар Нух коомунун илгерки-илгерки заманда жашап өткөн олуя ата-бабаларынын ысымдары эле. Алар өлгөндө эл өтө кайгырып калган. Анан күндөрдүн биринде Шайтан келип адамдарга “Эгер азрети Вадд, Сува, Ягус, Наср жана Яуктарды сыйласаңар айкелдерин жасап, ибадат учурунда кыбыла тарапка коюп алгыла” деп азгырган. Эл олуялардын урматы үчүн муну жасаган. Анан алардан кийин келген муундар Аллах таалага дуба кылганда ушул олуяларды ортомчу кыла баштаган. Ушинтип отуруп, бир мезгилдердеги олуялар элдин кудайына айланып калган.
[1] Денелери сууга кетти, жандары отко кетти. Жардам берсе аларга чыныгы Кудай – Аллах таала гана жардам бермек. Аллах таала кайра аларды жазалап жатса, кайсы кудайы жардамга келет?! Ошентип, каапыр эл топон суунун астында калды. Асмандан да, жерден да, жадагалса, тандырлардын ичинен да оргуштап суу чыга келди! Нух болсо, бул каапыр элге каргыш үстүнө каргыш жаадырды.