[1] Табеин уламаларынан бири Катааданын күбөлүк беришинче жылдыздар үч максат: Асманга кооздук-зыйнат, адашкан жолоочуларга жол көргөзгүч, шайтандарга таш бараң үчүн жаратылган.(Табарий) Демек жылдыздарга карап төлгө ачуу, эртеңки күндөн кабар берүү жана ал төлгөлөргө ишенүү - бул анык адашуу жана каапырчылык.
[1] “Ал-Латийф” «Иште же мамиледе өтө жумшак», «Өтө терең илимдүү». Аллах тааланын өтө назик, терең илими менен кылган иштери жана мамилеси «лутф» деп аталат. Аллах тааланын пенделерине кылган лутфу – жумшактыгы өтө чексиз, муну айтып бүтүрүү мүмкүн эмес.
[1] Аллах таала моюн сундуруп койгону себептүү Эне-Жер титиреп жарылып кетпей, биз анын койнунда каалаган багытыбызга басып, аман-эсен соода-сатыгыбызды, дыйканчылык-тиричилигибизди өткөрүп, Аллах таала чачып койгон ырыскыларыбызды терип, жеп жүрөбүз. Капырлар эмне үчүн ушул ырайымдуулукка жооп иретинде Аллах таалага шүгүр (ибадат) кылышпайт?! Же Анын Өзүнө кайтып барбайбыз деп ойлошобу?!
[1] Бул аяттагы “асмандагы Зат” ким экени жөнүндө аалымдар арасында талаш бар. Бул котормодон мурунку, А. Ысмаилов, С. Доолов, Д. Абдылдаев жана С. Гавайлардын котормосунда дагы “асмандагы Зат – бул Аллах” деп шилтеме берилген. (563-бет). Улук пайгамбарыбыз “Ким жердегилерге ырайым кылса, ага асмандагы ырайым кылат” деген. (Сахиху Абу Дауд, Сахиху Термизий) Имам Табарий дагы өзүнүн тафсиринде “асмандагы – бул Аллах” деген.
[1] Аллах таала жеке Өзүнө ибадат кылууну четке каккан Луттун мушрик коомун жерге жуткуруп, үстүнөн таштуу шамал жиберип кыйраткан болчу.
*[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам ушул сөздөрдү Мекке мушриктерине айтканда алар бул насааттарды укмак түгүл «Кайра тирилесиңер дейсиң. Койчу бул сөзүңдү. Эгер болчу болсо, тезирээк болтурбайсыңбы?» дешип шылдың кылышты.
[1] Аллах тааланын “жакында” дегени кыямат кайым. Кыяматка чейин дагы бир нече он, балким бир нече жүз, балким бир нече миң, а балким бир нече миллион жыл бардыр. Бул мөөнөт биз – инсандар үчүн өтө алыс. Ал эми, Аллах үчүн арзыбаган убакыт.
[1] Аллах тааланын жаратылыш мыйзамына ылайык жер суулары күн ысыгы менен бууланып, асманга көтөрүлүп, булуттар пайда болот. Анан Аллах таала аларды муктаж пенделерине асмандан жамгыр кылып жаадырып, натыйжада дарыя, булак, кудук суулары пайда болот. Эми, Өзүнүн амири менен жер кыртышындагы суулар эң терең катмарга сиңип кетсе жана Аллах асмандан жамгыр жаадырбай койсо, нашүкүр пенделерге сууну Аллахтан башка “кудайлары” жаадырып бере алабы?!