আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
8 : 66

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ تُوبُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ تَوۡبَةٗ نَّصُوحًا عَسَىٰ رَبُّكُمۡ أَن يُكَفِّرَ عَنكُمۡ سَيِّـَٔاتِكُمۡ وَيُدۡخِلَكُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ يَوۡمَ لَا يُخۡزِي ٱللَّهُ ٱلنَّبِيَّ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥۖ نُورُهُمۡ يَسۡعَىٰ بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَبِأَيۡمَٰنِهِمۡ يَقُولُونَ رَبَّنَآ أَتۡمِمۡ لَنَا نُورَنَا وَٱغۡفِرۡ لَنَآۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахка чын жүрөктөн тообо кылгыла! Раббиңер күнөөңөрдү өчүрүп, түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизсе ажеп эмес. Ал (Кыямат) күндө Аллах (эч качан) пайгамбар жана аны менен бирге болгондорду шерменде кылбайт! Алардын (Аллах берген) нурлары оң тарабында жана алдында (жарытып) агылганда алар (дуба кылып:) «Оо, Раббибиз! Нурубузду кемитпегей элең! Күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! Сен ар нерсеге кудуреттүүсүң!» дешет. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 66

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ جَٰهِدِ ٱلۡكُفَّارَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱغۡلُظۡ عَلَيۡهِمۡۚ وَمَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ

Оо, пайгамбар! Каапырлар менен мунафыктарга каршы жихад кыл жана чечкиндүү бол! Алардын бараар жери – тозок! Кандай жаман акыбет! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 66

ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱمۡرَأَتَ نُوحٖ وَٱمۡرَأَتَ لُوطٖۖ كَانَتَا تَحۡتَ عَبۡدَيۡنِ مِنۡ عِبَادِنَا صَٰلِحَيۡنِ فَخَانَتَاهُمَا فَلَمۡ يُغۡنِيَا عَنۡهُمَا مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـٔٗا وَقِيلَ ٱدۡخُلَا ٱلنَّارَ مَعَ ٱلدَّٰخِلِينَ

Аллах каапырлар(дын акыбети кандай бүтүшүн билгизүү) үчүн Нухтун аялы менен Луттун аялын мисал келтирди. Экөө тең Биздин салих пенделерибиздин (никесинин) астында болчу. Экөөсү(нүн аялы) аларга кыянат кылышты. Анан, эки пайгамбар тең Аллах тарабынан (азап болуп келген) нерседен эки аялды куткара албай калышты. Жана (эки аялдын бири сууга чөгүп, экинчисин жер жутуп өлгөндө, аларга) «киргендер менен бирге тозокко киргиле!» деп айтылды. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 66

وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱمۡرَأَتَ فِرۡعَوۡنَ إِذۡ قَالَتۡ رَبِّ ٱبۡنِ لِي عِندَكَ بَيۡتٗا فِي ٱلۡجَنَّةِ وَنَجِّنِي مِن فِرۡعَوۡنَ وَعَمَلِهِۦ وَنَجِّنِي مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ

Аллах ыймандуулар үчүн Фараондун аялын (үлгү катары) мисал келтирди. Бир кезде ал (дуба кылып): «Оо, Раббим! Мага Өзүңдүн алдыңда – бейиште бир үй тургузуп бер жана мени Фараон менен анын амалынан куткар! Мени залым адамдардан сакта!» деди. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 66

وَمَرۡيَمَ ٱبۡنَتَ عِمۡرَٰنَ ٱلَّتِيٓ أَحۡصَنَتۡ فَرۡجَهَا فَنَفَخۡنَا فِيهِ مِن رُّوحِنَا وَصَدَّقَتۡ بِكَلِمَٰتِ رَبِّهَا وَكُتُبِهِۦ وَكَانَتۡ مِنَ ٱلۡقَٰنِتِينَ

(Жана Аллах) Имрандын кызы Марямды дагы (мисал-үлгү кылды). Ал абийирин сактаган кыз болчу. Кийин Биз ага (Жебрейил периштени жиберип) Өз Рухубуздан үйлөдүк.[1] Ал Раббисинин Сөзүн жана Китебин тастыктады жана моюн сунуучулардан болду. info

[1] Жебирейил периште анын жакасынан үйлөгөндө, ошол дем аркылуу Аллах тааланын «бол!» деген буйругу менен Исага кош бойлуу болот. Маалым болгондой бул окуяда Исаны Аллах таалага бала кылып таңуулагыдай эч нерсе жок.

التفاسير: