আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
19 : 55

مَرَجَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ يَلۡتَقِيَانِ

Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 55

بَيۡنَهُمَا بَرۡزَخٞ لَّا يَبۡغِيَانِ

(Бирок), ортосунда (Аллах койгон) тосмо бар: өтүшпөйт.[1] info

[1] Жер шарынын кээ бир жеринде деңиз менен дайра суусу аралашып турат. Бирок, Аллахтын кудурети менен деңиз суусунун шору дайра суусуна, дайра суусунун шириндиги деңиз суусуна таасир этпейт. Дагы караңыз: 25-сүрө, 53-аят.

التفاسير:

external-link copy
21 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
22 : 55

يَخۡرُجُ مِنۡهُمَا ٱللُّؤۡلُؤُ وَٱلۡمَرۡجَانُ

Алардан (Аллах) берметтерди, шуруларды чыгарат. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
24 : 55

وَلَهُ ٱلۡجَوَارِ ٱلۡمُنشَـَٔاتُ فِي ٱلۡبَحۡرِ كَٱلۡأَعۡلَٰمِ

(Адам колу менен) жасалган деңиздеги тоо сыяктанган кемелер дагы (чынын айтканда) Анын мүлкү. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
26 : 55

كُلُّ مَنۡ عَلَيۡهَا فَانٖ

Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 55

وَيَبۡقَىٰ وَجۡهُ رَبِّكَ ذُو ٱلۡجَلَٰلِ وَٱلۡإِكۡرَامِ

Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк! info
التفاسير:

external-link copy
28 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
29 : 55

يَسۡـَٔلُهُۥ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ كُلَّ يَوۡمٍ هُوَ فِي شَأۡنٖ

Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан (жардам, ырыскы) сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
31 : 55

سَنَفۡرُغُ لَكُمۡ أَيُّهَ ٱلثَّقَلَانِ

Эй, инсандар жана жиндер! Силер(ден эсеп алуу) үчүн бошой алабыз![1] info

[1] Анткени ушул эки макулук гана Кыяматта сот-суракка тартылат.

التفاسير:

external-link copy
32 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
33 : 55

يَٰمَعۡشَرَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ إِنِ ٱسۡتَطَعۡتُمۡ أَن تَنفُذُواْ مِنۡ أَقۡطَارِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ فَٱنفُذُواْۚ لَا تَنفُذُونَ إِلَّا بِسُلۡطَٰنٖ

Эй, инсандар менен жиндер жамааты! Эгер асмандар менен жердин чекараларынан чыгып кете алсаңар – кете бергиле. (Аллахтан) уруксат (же кубат) берилмейинче чыга албайсыңар! info
التفاسير:

external-link copy
34 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 55

يُرۡسَلُ عَلَيۡكُمَا شُوَاظٞ مِّن نَّارٖ وَنُحَاسٞ فَلَا تَنتَصِرَانِ

Силерге оттун жалыны менен (эритилген) жез жиберилет жана (бири-бириңерге) жардам бере албай каласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
37 : 55

فَإِذَا ٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ وَرۡدَةٗ كَٱلدِّهَانِ

Эгер (Кыямат келип) асман жарылса, кызыл гүлдүн түсүндөй кайнак майга айланат! info
التفاسير:

external-link copy
38 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
39 : 55

فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يُسۡـَٔلُ عَن ذَنۢبِهِۦٓ إِنسٞ وَلَا جَآنّٞ

Ал күндө инсандар менен жиндердин күнөөсү (периштелер тарабынан) суралбайт.[1] info

[1] ففي ذلك اليوم لا تسأل الملائكة المجرمين من الإنس والجن عن ذنوبهم. (Тафсийрул Муяссар)

التفاسير:

external-link copy
40 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
41 : 55

يُعۡرَفُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ بِسِيمَٰهُمۡ فَيُؤۡخَذُ بِٱلنَّوَٰصِي وَٱلۡأَقۡدَامِ

Күнөөлүүлөр өңүнөн эле таанылып турат. Анан алардын маңдай көкүлүнөн жана тамандарынан кармалат (дагы, тозокко ташталат). info
التفاسير: