আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

Зариат

external-link copy
1 : 51

وَٱلذَّٰرِيَٰتِ ذَرۡوٗا

(Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 51

فَٱلۡحَٰمِلَٰتِ وِقۡرٗا

Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 51

فَٱلۡجَٰرِيَٰتِ يُسۡرٗا

Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 51

فَٱلۡمُقَسِّمَٰتِ أَمۡرًا

(Аллахтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 51

إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَصَادِقٞ

(Оо, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе[1] – бул чындык! info

[1] Аллах бизге Өзунун Китебинде Кыямат болушун, ал Күндө ар бир пенде өзүнүн дүйнөлүк жашоосу жөнүндө жооп беришин убада кылган.

التفاسير:

external-link copy
6 : 51

وَإِنَّ ٱلدِّينَ لَوَٰقِعٞ

Жана Кыямат сөзсүз болуучу! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 51

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلۡحُبُكِ

Кооз-көркөм асманга ант! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 51

إِنَّكُمۡ لَفِي قَوۡلٖ مُّخۡتَلِفٖ

(Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр). info
التفاسير:

external-link copy
9 : 51

يُؤۡفَكُ عَنۡهُ مَنۡ أُفِكَ

Андан (Курандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 51

قُتِلَ ٱلۡخَرَّٰصُونَ

Жалганчыларга өлүм! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 51

ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي غَمۡرَةٖ سَاهُونَ

Алар наадандык толкундарында адашкандар! info
التفاسير:

external-link copy
12 : 51

يَسۡـَٔلُونَ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلدِّينِ

(Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?» - деп сурашат. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 51

يَوۡمَ هُمۡ عَلَى ٱلنَّارِ يُفۡتَنُونَ

Ал Күнү тозокто азап тартышат! info
التفاسير:

external-link copy
14 : 51

ذُوقُواْ فِتۡنَتَكُمۡ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تَسۡتَعۡجِلُونَ

(Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр – ушул» (деп айтылат). info
التفاسير:

external-link copy
15 : 51

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ

(Ал эми) такыба кишилер бейиштерде, булактарда, info
التفاسير:

external-link copy
16 : 51

ءَاخِذِينَ مَآ ءَاتَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُحۡسِنِينَ

Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 51

كَانُواْ قَلِيلٗا مِّنَ ٱلَّيۡلِ مَا يَهۡجَعُونَ

Алар түндөсү бир аз эле укташкан. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 51

وَبِٱلۡأَسۡحَارِ هُمۡ يَسۡتَغۡفِرُونَ

Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан.[1] info

[1] Садий бул аяттагы «таң мезгилдерин» пенденин дубасы сөзсүз кабыл боло турган, түндүн үчтөн экиси өтүп, үчтөн бири калгандагы убакыт дейт. Анткени, пайгамбарыбыз (с.а.в) көбүнчө дал ушул убакытта «тахажжуд» намазын окуп, Багымдатка чейин дуба-ибадат менен машгул болгон.

التفاسير:

external-link copy
19 : 51

وَفِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقّٞ لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ

Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын[1] акысы болгон. info

[1] Бул аятта муктаждарды тилемчилерден бөлүп көрсөтүүнүн себеби, кээ бир муктаж момун-мусулмандар жокчулуктан ар канча кыйналса да бирөөдөн бир нерсени сурагандан тартынышат, ыйбаа кылышат. Ал эми, чыныгы бейишке татыктуу байлар ошолордун муктажыдыгын суратпай эле билип, өздөрү алып барып беришет.

التفاسير:

external-link copy
20 : 51

وَفِي ٱلۡأَرۡضِ ءَايَٰتٞ لِّلۡمُوقِنِينَ

Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 51

وَفِيٓ أَنفُسِكُمۡۚ أَفَلَا تُبۡصِرُونَ

Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
22 : 51

وَفِي ٱلسَّمَآءِ رِزۡقُكُمۡ وَمَا تُوعَدُونَ

Асманда силердин ырыскыңар[1] жана силерге убада кылынган нерселер бар. info

[1] Анткени, ырыскы деген асмандан түшөт. Инсаниятка жерден чыккан ырыскылардын себепчиси - жамгыр деле асмандан түшөт.

التفاسير:

external-link copy
23 : 51

فَوَرَبِّ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ إِنَّهُۥ لَحَقّٞ مِّثۡلَ مَآ أَنَّكُمۡ تَنطِقُونَ

Асман жана жердин Раббисине ант, (оо, инсандар) албетте ал (Аллахтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат! info
التفاسير:

external-link copy
24 : 51

هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ضَيۡفِ إِبۡرَٰهِيمَ ٱلۡمُكۡرَمِينَ

(Оо, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле? info
التفاسير:

external-link copy
25 : 51

إِذۡ دَخَلُواْ عَلَيۡهِ فَقَالُواْ سَلَٰمٗاۖ قَالَ سَلَٰمٞ قَوۡمٞ مُّنكَرُونَ

Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 51

فَرَاغَ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ فَجَآءَ بِعِجۡلٖ سَمِينٖ

Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 51

فَقَرَّبَهُۥٓ إِلَيۡهِمۡ قَالَ أَلَا تَأۡكُلُونَ

Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 51

فَأَوۡجَسَ مِنۡهُمۡ خِيفَةٗۖ قَالُواْ لَا تَخَفۡۖ وَبَشَّرُوهُ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٖ

Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун» – дешти алар жана ага бир аалым перзенттин куш кабарын беришти. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 51

فَأَقۡبَلَتِ ٱمۡرَأَتُهُۥ فِي صَرَّةٖ فَصَكَّتۡ وَجۡهَهَا وَقَالَتۡ عَجُوزٌ عَقِيمٞ

Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!». info
التفاسير:

external-link copy
30 : 51

قَالُواْ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡعَلِيمُ

«Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» - дешти (периштелер). info
التفاسير:

external-link copy
31 : 51

۞ قَالَ فَمَا خَطۡبُكُمۡ أَيُّهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ

«Оо, элчилер, эмне жумуш менен?» – деди. (Ибрахим) info
التفاسير:

external-link copy
32 : 51

قَالُوٓاْ إِنَّآ أُرۡسِلۡنَآ إِلَىٰ قَوۡمٖ مُّجۡرِمِينَ

(Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 51

لِنُرۡسِلَ عَلَيۡهِمۡ حِجَارَةٗ مِّن طِينٖ

Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн, info
التفاسير:

external-link copy
34 : 51

مُّسَوَّمَةً عِندَ رَبِّكَ لِلۡمُسۡرِفِينَ

Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 51

فَأَخۡرَجۡنَا مَن كَانَ فِيهَا مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 51

فَمَا وَجَدۡنَا فِيهَا غَيۡرَ بَيۡتٖ مِّنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ

Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн[1] башка мусулмандарды таппадык. info

[1] Элдин бардыгы чекеден бузулуп, бачабаз болуп, аялдары да ал ишке кайыл болуп калышкан. Луттун үй-бүлөсүнөн анын аялы бузукларга кошулуп кеткен. Ошондуктан шаардан чыгарылган Луттун үй-бүлөсүнүн арасында ал болгон эмес.

التفاسير:

external-link copy
37 : 51

وَتَرَكۡنَا فِيهَآ ءَايَةٗ لِّلَّذِينَ يَخَافُونَ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ

Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 51

وَفِي مُوسَىٰٓ إِذۡ أَرۡسَلۡنَٰهُ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ

Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фараонго анык далил (дин) менен жибердик эле... info
التفاسير:

external-link copy
39 : 51

فَتَوَلَّىٰ بِرُكۡنِهِۦ وَقَالَ سَٰحِرٌ أَوۡ مَجۡنُونٞ

(Фараон) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди» - деди. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 51

فَأَخَذۡنَٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡيَمِّ وَهُوَ مُلِيمٞ

Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 51

وَفِي عَادٍ إِذۡ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمُ ٱلرِّيحَ ٱلۡعَقِيمَ

Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр[1] шамалды жибердик. info

[1] "Кысыр" деген сөз бул жерде "пайдасы жок" деген мааниде. Адатта, шамал булуттарды адап келип. жамгыр жаап, пайда келтирет. Ал эми, Аллахтын Аад коомунун үстүнө жиберген шамал аларга зыян алып келди.

التفاسير:

external-link copy
42 : 51

مَا تَذَرُ مِن شَيۡءٍ أَتَتۡ عَلَيۡهِ إِلَّا جَعَلَتۡهُ كَٱلرَّمِيمِ

Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 51

وَفِي ثَمُودَ إِذۡ قِيلَ لَهُمۡ تَمَتَّعُواْ حَتَّىٰ حِينٖ

Жана Самуд (элинин окуясын)да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды.[1] info

[1] Самуд коому өздөрүнө жиберилген Салих пайгамбарга моюн сунбай, кайра азап жөнүндө эскертүү берсе, "ошол азабың каан келет?" деп келекелешти. Аллахтын буйругу менен аларга "үч күн ичип-жеп, жыргап-куунап алгыла" деп айтылды.

التفاسير:

external-link copy
44 : 51

فَعَتَوۡاْ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِمۡ فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ وَهُمۡ يَنظُرُونَ

Алар Аллахтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады![1] info

[1] Асмандан кулакты тундуруп, жүрөктү жарган ач айкырык келди.

التفاسير:

external-link copy
45 : 51

فَمَا ٱسۡتَطَٰعُواْ مِن قِيَامٖ وَمَا كَانُواْ مُنتَصِرِينَ

(Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 51

وَقَوۡمَ نُوحٖ مِّن قَبۡلُۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ

Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 51

وَٱلسَّمَآءَ بَنَيۡنَٰهَا بِأَيۡيْدٖ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ

Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 51

وَٱلۡأَرۡضَ فَرَشۡنَٰهَا فَنِعۡمَ ٱلۡمَٰهِدُونَ

Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз! info
التفاسير:

external-link copy
49 : 51

وَمِن كُلِّ شَيۡءٍ خَلَقۡنَا زَوۡجَيۡنِ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ

Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер! info
التفاسير:

external-link copy
50 : 51

فَفِرُّوٓاْ إِلَى ٱللَّهِۖ إِنِّي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ مُّبِينٞ

(Бардык күнөөдөн) Аллахка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн! info
التفاسير:

external-link copy
51 : 51

وَلَا تَجۡعَلُواْ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَۖ إِنِّي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ مُّبِينٞ

Аллах менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн! info
التفاسير:

external-link copy
52 : 51

كَذَٰلِكَ مَآ أَتَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا قَالُواْ سَاحِرٌ أَوۡ مَجۡنُونٌ

Ошентип, алардан (Мекке мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 51

أَتَوَاصَوۡاْ بِهِۦۚ بَلۡ هُمۡ قَوۡمٞ طَاغُونَ

Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллахка) каршы чыккан элдер. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 51

فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ فَمَآ أَنتَ بِمَلُومٖ

(Оо, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 51

وَذَكِّرۡ فَإِنَّ ٱلذِّكۡرَىٰ تَنفَعُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 51

وَمَا خَلَقۡتُ ٱلۡجِنَّ وَٱلۡإِنسَ إِلَّا لِيَعۡبُدُونِ

Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым.[1] info

[1] Ошондуктан тарыхта өткөн бардык пайгамбарлар адегенде эле «Аллахка гана ибадат кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок» деп даават кылышкан. Бардык пайгамбарлардын каапыр коом менен болгон келишпестиктери ушул эле маселенин үстүндө болгон.

التفاسير:

external-link copy
57 : 51

مَآ أُرِيدُ مِنۡهُم مِّن رِّزۡقٖ وَمَآ أُرِيدُ أَن يُطۡعِمُونِ

Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.[1] info

[1] Аллах бизден бир гана нерсени – Өзүнө ыклас менен ибадат кылууну гана сурайт. Ал эми өз кезегинде, биздин ибадаттарыбыздан Аллахка эмес, өзүбүзгө гана пайда кайтат.

التفاسير:

external-link copy
58 : 51

إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلرَّزَّاقُ ذُو ٱلۡقُوَّةِ ٱلۡمَتِينُ

Чынында, Аллахтын Өзү бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 51

فَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ ذَنُوبٗا مِّثۡلَ ذَنُوبِ أَصۡحَٰبِهِمۡ فَلَا يَسۡتَعۡجِلُونِ

Эми, зулум кылган (каапыр) адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун! info
التفاسير:

external-link copy
60 : 51

فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن يَوۡمِهِمُ ٱلَّذِي يُوعَدُونَ

Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун! info
التفاسير: