[1] “Ихрам” деп, ушул аталыштагы атайын даярдалган матаага оронуп, Кааба зыяратын (ажы же умра) ниет кылып чыккан адамдын абалына айтылат. Ал киши качан ниет кылган ибадаттарын аткарып бүтмөйүнчө “ихрамда” болот жана ал кишиге кээ бир белгилүү нерселер менен бирге аң уулоого да уруксат берилбейт.
[1] Пайгамбарыбыз ажылык мезгилинде курмандык үчүн айдап бара жаткан төөлөрүнүн мойнуна кээ бир нерселерди мончок кылып асып койгон. Бул алардын башка жаныбарлардан айырмаланып туруусу жана урматталуусу үчүн ишаарат-белги эле. Демек, курмандык жандыктын мойнуна мончок тагуу - сүннөт.