আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
62 : 38

وَقَالُواْ مَا لَنَا لَا نَرَىٰ رِجَالٗا كُنَّا نَعُدُّهُم مِّنَ ٱلۡأَشۡرَارِ

«Эмне биз жаман көргөн кишилерди көрбөй жатабыз. info
التفاسير:

external-link copy
63 : 38

أَتَّخَذۡنَٰهُمۡ سِخۡرِيًّا أَمۡ زَاغَتۡ عَنۡهُمُ ٱلۡأَبۡصَٰرُ

Же аларды шылдыңдадыкпы? Же (алар тозоко түшкөн, бирок) көзүбүз аларды көрбөй жатабы?» info
التفاسير:

external-link copy
64 : 38

إِنَّ ذَٰلِكَ لَحَقّٞ تَخَاصُمُ أَهۡلِ ٱلنَّارِ

Чынында, тозок элдеринин ушул жаңжалдашуусу (боло турган) акыйкат. info
التفاسير:

external-link copy
65 : 38

قُلۡ إِنَّمَآ أَنَا۠ مُنذِرٞۖ وَمَا مِنۡ إِلَٰهٍ إِلَّا ٱللَّهُ ٱلۡوَٰحِدُ ٱلۡقَهَّارُ

(Оо, Мухаммад!) Айткын: «Аныгында, мен болгону бир эскертүүчүмүн. Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар. Ал жалгыз жана (күнөөлүүлөргө) Каардуу! info
التفاسير:

external-link copy
66 : 38

رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡغَفَّٰرُ

Ал асмандардын, жердин жана экөөнүн ортосундагы нерселердин Раббиси! Ал Кудуреттүү (жана) Кечиримдүү! info
التفاسير:

external-link copy
67 : 38

قُلۡ هُوَ نَبَؤٌاْ عَظِيمٌ

(Мушриктерге) айт: «Бул (Куран) – Улук кабар. info
التفاسير:

external-link copy
68 : 38

أَنتُمۡ عَنۡهُ مُعۡرِضُونَ

Силер болсо, андан жүз буруп жатасыңар. info
التفاسير:

external-link copy
69 : 38

مَا كَانَ لِيَ مِنۡ عِلۡمِۭ بِٱلۡمَلَإِ ٱلۡأَعۡلَىٰٓ إِذۡ يَخۡتَصِمُونَ

Жогорку асмандагы периштелердин (Адам атанын жаратылуу окуясы учурунда болгон) талашып-тартышуусу жөнүндө менде илим жок болчу.[1] info

[1] Мен эч кимден, эч кандай китептен, периштелердин талашы жөнүндө окуган эмесмин. Ал окуяларды мага Аллах таала вахий (кабар) кылат.

التفاسير:

external-link copy
70 : 38

إِن يُوحَىٰٓ إِلَيَّ إِلَّآ أَنَّمَآ أَنَا۠ نَذِيرٞ مُّبِينٌ

Мен силерге эскертүүчү-пайгамбар (жана Аллахтын шариятын анык) баяндоочу болгонум үчүн гана ал илимдер мага вахий кылынууда. info
التفاسير:

external-link copy
71 : 38

إِذۡ قَالَ رَبُّكَ لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّي خَٰلِقُۢ بَشَرٗا مِّن طِينٖ

Эстегин, бир кезде Раббиң периштелерге: «Мен ылайдан адам жасаймын. info
التفاسير:

external-link copy
72 : 38

فَإِذَا سَوَّيۡتُهُۥ وَنَفَخۡتُ فِيهِ مِن رُّوحِي فَقَعُواْ لَهُۥ سَٰجِدِينَ

Ага келбет берип, ичине Өз Рухумдан үйлөп (жан) киргизгенде, ага сажда кылган абалда жыгылгыла» деди. info
التفاسير:

external-link copy
73 : 38

فَسَجَدَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ كُلُّهُمۡ أَجۡمَعُونَ

Бардык периштелер сажда кылышты. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 38

إِلَّآ إِبۡلِيسَ ٱسۡتَكۡبَرَ وَكَانَ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Бир гана Иблис текеберленип, (сажда кылбай) каапырлардан болду. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 38

قَالَ يَٰٓإِبۡلِيسُ مَا مَنَعَكَ أَن تَسۡجُدَ لِمَا خَلَقۡتُ بِيَدَيَّۖ أَسۡتَكۡبَرۡتَ أَمۡ كُنتَ مِنَ ٱلۡعَالِينَ

(Аллах): «Оо, Иблис, Мен Өзүмдүн эки Колум менен жараткан нерсеге сажда кылуудан сени эмне тосту?! Текеберлендиңби, же жогорку даражалуу болуп калдыңбы?!» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
76 : 38

قَالَ أَنَا۠ خَيۡرٞ مِّنۡهُ خَلَقۡتَنِي مِن نَّارٖ وَخَلَقۡتَهُۥ مِن طِينٖ

«Мен андан жакшымын, мени оттон, аны болсо (кайдагы чалчык) ылайдан жараткансың» – деди (Иблис). info
التفاسير:

external-link copy
77 : 38

قَالَ فَٱخۡرُجۡ مِنۡهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٞ

(Аллах) айтты: «Эми сен андан (бейиштен) чык! Сен (Менин ырайымымдан) куулгансың! info
التفاسير:

external-link copy
78 : 38

وَإِنَّ عَلَيۡكَ لَعۡنَتِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلدِّينِ

Сага Кыяматка чейин Менин наалатым болсун!» info
التفاسير:

external-link copy
79 : 38

قَالَ رَبِّ فَأَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ

(Иблис) айтты: «Оо, Раббим! (Адамзат) кайра тирилген (Кыямат) күнүнө чейин мага (өлбөй, жашоого) мөөнөт бер?!» info
التفاسير:

external-link copy
80 : 38

قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ

(Аллах): «Сен мөөнөт берилгендерден болдуң. info
التفاسير:

external-link copy
81 : 38

إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡوَقۡتِ ٱلۡمَعۡلُومِ

Белгилүү убакыттын күнүнө чейин» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
82 : 38

قَالَ فَبِعِزَّتِكَ لَأُغۡوِيَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ

(Иблис) айтты: «Сенин Кудуретиңе ант, мен алардын бардыгын азгырамын. info
التفاسير:

external-link copy
83 : 38

إِلَّا عِبَادَكَ مِنۡهُمُ ٱلۡمُخۡلَصِينَ

Алардын арасынан Сага ыклас менен ибадат кылгандарды гана азгырууга кудуретим жетпейт». info
التفاسير: