আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

external-link copy
23 : 34

وَلَا تَنفَعُ ٱلشَّفَٰعَةُ عِندَهُۥٓ إِلَّا لِمَنۡ أَذِنَ لَهُۥۚ حَتَّىٰٓ إِذَا فُزِّعَ عَن قُلُوبِهِمۡ قَالُواْ مَاذَا قَالَ رَبُّكُمۡۖ قَالُواْ ٱلۡحَقَّۖ وَهُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡكَبِيرُ

Анын (Аллахтын) алдында шапаат пайда бербейт. Бир гана Аллах уруксат берген адамдарга гана (пайда берет). Качан гана алардын (периштелердин) жүрөктөрүнөн коркунуч алынган соң, «Раббиңер эмне деди?» – дешет. «Акыйкатты (айтты)» – дешет алар.[1] Жана Ал – эң Жогору, Улук! info

[1] Кыяматта мушриктер өздөрүнүн жаман акыбеттерин көрүп коркуп кетишет. Ошондо Аллах аларга дүйнөдө адашып жашагандыктарын, алардын сыйынган «кудайлары» жалган кудайлар экенин айтат. Мушриктер бир аз өздөрүнө келип, бири-биринен «Раббиңер эмне деди?» деп сураганда, жакшы угуп тургандары «Акыйкатты айтты» дешет. Бул аяттын мындан башкача тафсири да бар. Аяттын агымына эки түрдүү тафсир тең туура келет. (Садий).

التفاسير: