আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
29 : 31

أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِيٓ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى وَأَنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ

Көрбөй жатасыңбы, Аллах түндү күндүзгө, күндүздү түнгө (кантип) киргизгенин? Күн менен Айды (адамзатка кантип) кызмат кылдырып койгонун? Алардын бардыгы белгиленген мөөнөткө (кыяматка) чейин айланат. Аллах силердин эмне жасаганыңардан Кабардар. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 31

ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدۡعُونَ مِن دُونِهِ ٱلۡبَٰطِلُ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡكَبِيرُ

Анткени, Аллах акыйкат. Ал эми, Андан башка, (мушриктер) дуба кылып сыйынып жаткандары жалган (кудайлар). Жана Аллахтын бир Өзү гана эң Жогору, Улук! info
التفاسير:

external-link copy
31 : 31

أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱلۡفُلۡكَ تَجۡرِي فِي ٱلۡبَحۡرِ بِنِعۡمَتِ ٱللَّهِ لِيُرِيَكُم مِّنۡ ءَايَٰتِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّكُلِّ صَبَّارٖ شَكُورٖ

Деңиздеги кемелер Аллахтын жакшылыктары себептүү сүзүп жүргөнүн көрбөй жатасыңарбы?! Бул силерге Аллахтын белгилерин көргөзүш үчүн. Чынында бул нерседе сабыр кылуучу, шүгүр кылуучу адамдарга чоң белгилер бар! info
التفاسير:

external-link copy
32 : 31

وَإِذَا غَشِيَهُم مَّوۡجٞ كَٱلظُّلَلِ دَعَوُاْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ فَمِنۡهُم مُّقۡتَصِدٞۚ وَمَا يَجۡحَدُ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَّا كُلُّ خَتَّارٖ كَفُورٖ

Качан аларды(н кемелерин) тоодой толкундар ороп калган кезде Аллахтын жалгыз Өзүнө дуба кылышат. Ал эми, (балээден) куткарып кургактыкка чыгарып койсо, алардын (көпчүлүк) бөлүгү Аллахга карабай калышат. Биздин керемет-белгилерибизди кыянатчы, шүгүр кылбаган адамдар гана четке кагышат. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 31

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمۡ وَٱخۡشَوۡاْ يَوۡمٗا لَّا يَجۡزِي وَالِدٌ عَن وَلَدِهِۦ وَلَا مَوۡلُودٌ هُوَ جَازٍ عَن وَالِدِهِۦ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُم بِٱللَّهِ ٱلۡغَرُورُ

Оо, адамдар! Раббиңерден корккула! Жана атасы баласына, баласы өз атасына эч бир жардам бере албай турган күндөн корккула! (Ал күндүн келишин Аллах убада берген). Аллахтын убадасы – акыйкат! Силерди дүйнө жашоосу(нун убактылуу арам жыргалдары) азгырып койбосун! Силерди азгыруучулар Аллах(тын кечиримдүүлүгү) менен азгырып койбосун![1] info

[1] Көпчүлүк адамдарды адамдан, шайтандан жана жиндерден болгон азгыруучулар: «Аллах кечирет. Күнөө ишиңди жасай бер. Азыр жашсың. Ойноп-күлүп ал. Арам-адал деп өзүңдү түйшөлтпө. Карыганда деле тообо кылганга үлгүрөсүң. Бир гана тообо менен бардыгын Аллах кечирип жиберет» - деп азгырат.

التفاسير:

external-link copy
34 : 31

إِنَّ ٱللَّهَ عِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلسَّاعَةِ وَيُنَزِّلُ ٱلۡغَيۡثَ وَيَعۡلَمُ مَا فِي ٱلۡأَرۡحَامِۖ وَمَا تَدۡرِي نَفۡسٞ مَّاذَا تَكۡسِبُ غَدٗاۖ وَمَا تَدۡرِي نَفۡسُۢ بِأَيِّ أَرۡضٖ تَمُوتُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرُۢ

Кыямат качан болушун бир Аллах гана билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Жана эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн да биле албайт. Чынында, бир Аллах гана (бардыгын) Билүүчү, (бардыгынан) Кабардар. info
التفاسير: