[1] Ал каапыр элге, өзүңөр моюн сунган абалда келип, туура жолго түшкүлө деп кат жазса, алар белек жиберип сынаганы Сулаймандын ачуусун келтирген эле.
[1] Сулайман Саба канышасынын элчисин кайтарып жибергенде, Аллах ага канышанын келишин билдирген жана Сулайман анын парасатын сынап, анан Аллахтын кереметтерин көргөзүп акыйкат динге үгүт кылып чакырууну ойлогон.
[1] Сулайман жиндердин жардамы жана өзүнүн жетишкен илими менен суунун үстүнө жылмакай айнектен сарай салган. Ал айнектер ушунчалык тунук болгондуктан, бар экени билинген эмес. Астындагы суу эле көрүнүп, агып турат. Бирок добушу жок. Каныша айран таң! «Сарайга кириңиз» деп, сууга жетелешүүдө. Жана эле айткандай ал өтө зирек. Сулаймандын көңүлү оорубасын деп, «кана, сарай дегениңиз?» «эмне үчүн мени сарай деп сууга жетелеп жатасыз?» деген жок. Эмне болоор экен, кечсем, кечип коеюн деп, бут кийимин чечип, этегин көтөрүп, «кечип кирсе»..., суу жок! Тамандын астындагы айнектен жасалган сарайдын тепкичи экен! Сулайман анын таңыркоосуна экинчи ирет жооп берип «Бул тегизделген жылмакай айнектен жасалган сарай» - деди.