আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

Муbминyн

external-link copy
1 : 23

قَدۡ أَفۡلَحَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ

Чынында, ыймандуулар жеңишке (бейишке) жетишти. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 23

ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي صَلَاتِهِمۡ خَٰشِعُونَ

Алар намаздарында (Аллахтан) коркуп турушат.[1] info

[1] Арабчадагы «хушуу» сөзү, «коркуп жана үмүт кылып туруу» деген маанини билдирет.

التفاسير:

external-link copy
3 : 23

وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَنِ ٱللَّغۡوِ مُعۡرِضُونَ

Алар жакшылыгы жок сөз-иштерден ыраак болушат.[1] info

[1] Анткени, ар-нерсени чалды-куйду сүйлөй берсең, кадыр баркың кетет жана көбүнчө башыңа балээ түшөт. Пайгамбарыбыз өзүнүн тилин кармап: «Ушуну сактасаңар өзүңөрдү сактаган болсуңар» деген.

التفاسير:

external-link copy
4 : 23

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِلزَّكَوٰةِ فَٰعِلُونَ

Алар (напсилерин) тазалагандар (мал-мүлкүнөн) зекет бергендер.[1] info

[1] «Зекет» - «тазартуу» деген мааниде. Эгер бай адамдар байлыгынан зекет бербесе, өз байлыгы өзүнө арам болуп калат.

التفاسير:

external-link copy
5 : 23

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ

Алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 23

إِلَّا عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَإِنَّهُمۡ غَيۡرُ مَلُومِينَ

Ал эми, (никесиндеги) аялдары же болбосо күңдөрү менен[1] жатса айыптуу болбойт. info

[1] Күңдөр согуштарда туткунга же олжого алынган душмандардын аялдары. Туткун бул – эрксиз адам. Согуш туткундары ошол (Куран түшкөн) замандарда дуйнөлүк үрп-адат боюнча мүлк катары бөлүштүрүп алынган.

التفاسير:

external-link copy
7 : 23

فَمَنِ ٱبۡتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡعَادُونَ

Кимде-ким ушулардан башка аялдарды (кошулуу үчүн) издесе – алар чектен чыгуучулар. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 23

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِأَمَٰنَٰتِهِمۡ وَعَهۡدِهِمۡ رَٰعُونَ

Алар өздөрүнүн аманаттары менен убадаларын аткаруучулар. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 23

وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَوَٰتِهِمۡ يُحَافِظُونَ

Дагы алар намаздарын сактоочулар.[1] info

[1] Намазды сактоо аларды өз убактысында, бардык шарттарын ордуна коюп окуу менен болот. Экинчи аятта келген «хушуу» (жоош-муңайымдык) менен ушул «сактоочулук» касиеттери чогулган намаз эң жогорку деңгээлдеги намаз болот. «Хушуу» менен бирок, өз убактысында окулбаган намазда жакшылык жок болгондой эле, өз убактысында окулуп, бирок хушуу болбогон намазда да сооп өтө аз болот.

التفاسير:

external-link copy
10 : 23

أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡوَٰرِثُونَ

Дал ошолор – мурас алуучулар! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 23

ٱلَّذِينَ يَرِثُونَ ٱلۡفِرۡدَوۡسَ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Алар анда түбөлүк кала турган Фирдаус бейишин мурас кылып алышат. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 23

وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن سُلَٰلَةٖ مِّن طِينٖ

Биз инсанды (топурагы жердин бардык тарабынан алынып, суу кошулган) ылайдан[1] жараттык. info

[1] «Сулаала» - бул чогултуп, тандап, сууруп алынган нерсе. Анткени, Аллах таала жиберген периште Адам-Атанын ылайын жердин ар кайсы жеринен тандап, чогултуп, ичинен сууруп алган. Ошондуктан адамдар ак, кара, кызыл түстө, пейили да ар түрдүү болуп калган.

التفاسير:

external-link copy
13 : 23

ثُمَّ جَعَلۡنَٰهُ نُطۡفَةٗ فِي قَرَارٖ مَّكِينٖ

Кийин аны бекем бир мекенде (эненин жатынында) тамчы суу абалында кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 23

ثُمَّ خَلَقۡنَا ٱلنُّطۡفَةَ عَلَقَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡعَلَقَةَ مُضۡغَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡمُضۡغَةَ عِظَٰمٗا فَكَسَوۡنَا ٱلۡعِظَٰمَ لَحۡمٗا ثُمَّ أَنشَأۡنَٰهُ خَلۡقًا ءَاخَرَۚ فَتَبَارَكَ ٱللَّهُ أَحۡسَنُ ٱلۡخَٰلِقِينَ

Кийин ал бир тамчы бел суудан «алака»[1] (сүлүк курт сыяктуу коюу кан) жараттык. Андан кийин «алакадан» «мудга» (бир тиштем эт) жараттык. Андан соң «мудгадан» сөөк жаратып, ал сөөккө эт каптадык. Кийин аны башкача жаратылышта өнүктүрдүк.[2] Эң мыкты жаратуучу болгон Аллах Улук-Берекеттүү! info

[1] «Алака» - бул инсан уругунун нутфадан (бир тамчы суу) кийинки баскычы .Бул баскычтагы түйүлдүк кудум эле сүлүк куртка окшош болот.
[2] Түйүлдүк жатында «нутфа», «алака», жана «мудга» баскычтарынын ар биринде кырк күндөн өнүгүп, бир жүз жыйырма күндөн соң, «башкача жаратылышта» болот. Мунун мааниси ага рух (жан киргизилет).

التفاسير:

external-link copy
15 : 23

ثُمَّ إِنَّكُم بَعۡدَ ذَٰلِكَ لَمَيِّتُونَ

Кийин ушундан соң силер (туулуп, жер бетинде жашап, дагы) өлөсүңөр. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 23

ثُمَّ إِنَّكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ تُبۡعَثُونَ

Кийин силер кыямат күндө (кайрадан) тирилтирилесиңер. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 23

وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا فَوۡقَكُمۡ سَبۡعَ طَرَآئِقَ وَمَا كُنَّا عَنِ ٱلۡخَلۡقِ غَٰفِلِينَ

Чынында, Биз силердин үстүңөргө жети (кабат) жолду (асманды) жараттык. Жана Биз (Өзүбүз жараткан) калк-калайыктан кабарсыз эмеспиз. info
التفاسير: