আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

Худ

external-link copy
1 : 11

الٓرۚ كِتَٰبٌ أُحۡكِمَتۡ ءَايَٰتُهُۥ ثُمَّ فُصِّلَتۡ مِن لَّدُنۡ حَكِيمٍ خَبِيرٍ

Алиф, Лаам, Раа.[1] Бул китептин аяттары (эч качан бузулбай турган кылып) бекемделди жана Даанышман, Кабардар (Аллах) тарабынан (эң жогорку деңгээлде) баян кылынды. info

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

التفاسير:

external-link copy
2 : 11

أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّا ٱللَّهَۚ إِنَّنِي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ وَبَشِيرٞ

(Мунун себеби) Аллахтан башка “кудайларга ибадат кылбашыңар үчүн. Чынында, мен силерге Аллах тарабынан (жиберилген) эстетүүчү жана куш кабар берүүчүмүн.[1] info

[1] Пайгамбарлар элдерди “эгер Аллахтын ак жолуна жүрбөсөңөр тозокко түшөсүңөр” деп эскертет жана “ким ушул жолдо жүрсө, бейишке түшөт” деп куш кабар берет.

التفاسير:

external-link copy
3 : 11

وَأَنِ ٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ ثُمَّ تُوبُوٓاْ إِلَيۡهِ يُمَتِّعۡكُم مَّتَٰعًا حَسَنًا إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى وَيُؤۡتِ كُلَّ ذِي فَضۡلٖ فَضۡلَهُۥۖ وَإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٖ كَبِيرٍ

Жасаган күнөөңөрдү кечирүүсүн сурап, Аллахка жалбаргыла жана (“экинчи кайталабаймын” деп) тообо кылгыла! (Ошондо) силерди, белгиленген убакытка чейин эң сонун ырыскылар менен пайдалантат жана ар бир пазилеттүү (ихсан-садакалуу) адамга Өзүнүн пазилетинен берет. Эгер жүз үйрүп кетсеңер, мен силерге Улуу Күндүн (Кыяматтын) азабы жетип калуусунан коркомун! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 11

إِلَى ٱللَّهِ مَرۡجِعُكُمۡۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ

Бардыгыңардын кайтышыңар – Аллахка! Ал – ар нерсеге кудуреттүү! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 11

أَلَآ إِنَّهُمۡ يَثۡنُونَ صُدُورَهُمۡ لِيَسۡتَخۡفُواْ مِنۡهُۚ أَلَا حِينَ يَسۡتَغۡشُونَ ثِيَابَهُمۡ يَعۡلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعۡلِنُونَۚ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Уккула, алар Аллахка билдирбеш үчүн көкүрөктөрүн(дөгү каапырлыктарын) жашырышат. Уккула, эгер алар (көкүрөгүнүн үстүнөн) кийимдерин ороп алса да Аллах бардык сырларын жана ашкере нерселерин билип турат. Чынында, Ал көөдөндөрдү ээлеген сырларды Билүүчү. info
التفاسير: