[1] Үч аяттан турган бул сүрө Меккеде түшкөн. «Каусар» - бул «көп жакшылык» дегенди билдирет. Аллах таала пайгамбарына бул дүйнөдө көп жакшылыктарды берген. Ал эми, Акырет бейишинде болсо, «Каусар» деп аталган дарыя менен ушундай аталыштагы булакты сыйлык катары берет.
[1] Пайгамбарыбыздан уул перзент калбаганы маалым. Анын уулу Касым өлгөндө ашкере душмандарынын бири Аас ибн Ваил аны акаарат кылып “арты кесилди” (ишин улантуучусу калбады) дейт. Бирок, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын артында, ага эртели-кеч салават-салам айтып, акына дуба кылып турган миллиондогон үммөттөрү калды. Ал эми, ага жана анын динине душмандык кылып, айыптап, жамандап жүргөндөрдүн өзү дагы, аты-жыты дагы жок болду.