Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

Numero ng Pahina:close

external-link copy
52 : 37

يَقُولُ أَءِنَّكَ لَمِنَ ٱلۡمُصَدِّقِينَ

Ал мени жактырбагандай шылдыңдап мындай деди: «Эй, чынчыл! Сен өлүктөрдүн кайра тирилерин чындык деп тастыктагандардын бирисиңби? info
التفاسير:

external-link copy
53 : 37

أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَدِينُونَ

Биз өлүп, топуракка жана чириген сөөктөргө айлангандан кийин кайра тирилип, дүйнөдө кылган иштерибиздин жазасын же сыйлыгын алабызбы? info
التفاسير:

external-link copy
54 : 37

قَالَ هَلۡ أَنتُم مُّطَّلِعُونَ

Анын ыймандуу жолдошу бейиштик болгон досторуна айтты: «Жүргүлө мени менен, кайра тирилүүнү жокко чыгарган жанагыл досубузду көрүп келелиби?». info
التفاسير:

external-link copy
55 : 37

فَٱطَّلَعَ فَرَءَاهُ فِي سَوَآءِ ٱلۡجَحِيمِ

Ал көз чаптырып карады. Ошондо досун тозоктун ортосунан көрдү. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 37

قَالَ تَٱللَّهِ إِن كِدتَّ لَتُرۡدِينِ

Ал айтты: «Аллахка ант болсун! Эй, досум! Сен мени каапырлыкка жана кайра тирилүүнү жокко чыгарууга чакырып, аз жерден мени да кыйроого учуратып кое жаздаптырсың! info
التفاسير:

external-link copy
57 : 37

وَلَوۡلَا نِعۡمَةُ رَبِّي لَكُنتُ مِنَ ٱلۡمُحۡضَرِينَ

Эгер Аллах мени ыйман жолуна салып, ийгилик берип мага жакшылык кылбаганда, мени дагы сага окшоп азапка түшкөндөрдөн болмок экем». info
التفاسير:

external-link copy
58 : 37

أَفَمَا نَحۡنُ بِمَيِّتِينَ

Биз, бейиш адамдары, өлбөйт экенбиз. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 37

إِلَّا مَوۡتَتَنَا ٱلۡأُولَىٰ وَمَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِينَ

Дүйнө жашоосундагы биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. Биз бейиште түбөлүк калабыз. Каапырларга окшоп азапталбайбыз». info
التفاسير:

external-link copy
60 : 37

إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ

Чындыгында Раббибиз бизди бейишке киргизип жана тозоктон сактап, ушундай сооп-сыйлыктарды бергени – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш. info
التفاسير:

external-link copy
61 : 37

لِمِثۡلِ هَٰذَا فَلۡيَعۡمَلِ ٱلۡعَٰمِلُونَ

Иш-аракет кылгандар ушундай улуу сыйлык үчүн аракет кылышсын. Чындыгында бул кирешелүү соода. info
التفاسير:

external-link copy
62 : 37

أَذَٰلِكَ خَيۡرٞ نُّزُلًا أَمۡ شَجَرَةُ ٱلزَّقُّومِ

Аллах Өзүнүн чын ыкластан моюн сунган пенделерине даярдап койдум деген бул жакшылык артыкпы же Курандагы каргышка калган Заккум дарагы жакшыбы? Ал адамды семиртпеген жана курсагын да тойгузбаган каапырлардын тамагы. info
التفاسير:

external-link copy
63 : 37

إِنَّا جَعَلۡنَٰهَا فِتۡنَةٗ لِّلظَّٰلِمِينَ

Чындыгында Биз ал даракты каапырлык жана күнөөлөрдү кылган залымдарды азгырган сыноо кылдык. Ал айтышты: «Чынында от даракты жалмайт. Ал жакта дарак өсүшү мүмкүн эмес». info
التفاسير:

external-link copy
64 : 37

إِنَّهَا شَجَرَةٞ تَخۡرُجُ فِيٓ أَصۡلِ ٱلۡجَحِيمِ

Чындыгында Заккум дарагы – эң жаман жерден өнүп чыккан дарак. Ал тозоктун түбүнөн өсүп чыгат. info
التفاسير:

external-link copy
65 : 37

طَلۡعُهَا كَأَنَّهُۥ رُءُوسُ ٱلشَّيَٰطِينِ

Андан өнүп чыккан мөмөлөр – шайтандардын баштарына окшогон жийиркеничтүү көрүнүштө. Анын сыртынын жийиркеничтүүлүгү ичи да ошондой экенине далил болот. Бул анын мөмөсүнүн даамы жийиркеничтүү экенин билдирет. info
التفاسير:

external-link copy
66 : 37

فَإِنَّهُمۡ لَأٓكِلُونَ مِنۡهَا فَمَالِـُٔونَ مِنۡهَا ٱلۡبُطُونَ

Каапырлар ачка болгондо, анын ачуу жана жийиркеничтүү мөмөлөрүнөн курсактары тойгуча жешет. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 37

ثُمَّ إِنَّ لَهُمۡ عَلَيۡهَا لَشَوۡبٗا مِّنۡ حَمِيمٖ

Кийин алар аны жешкен соң аларга жийиничтүү, кайнак аралашма суусундук берилет. info
التفاسير:

external-link copy
68 : 37

ثُمَّ إِنَّ مَرۡجِعَهُمۡ لَإِلَى ٱلۡجَحِيمِ

Андан кийин алар тозок азабына кайтарылат. Ошентип алар азаптан-азапка өтүп жүрө беришет. info
التفاسير:

external-link copy
69 : 37

إِنَّهُمۡ أَلۡفَوۡاْ ءَابَآءَهُمۡ ضَآلِّينَ

Чындыгында ал каапырлар ата-бабаларын акыйкат жолдон адашкан абалда табышып, аларды эч кандай далилсиз үлгү тутуп ээрчишкен. info
التفاسير:

external-link copy
70 : 37

فَهُمۡ عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِمۡ يُهۡرَعُونَ

Алар адашууда ата-бабаларынын изине түшүп, аларды өлүп-талып ээрчишкен. info
التفاسير:

external-link copy
71 : 37

وَلَقَدۡ ضَلَّ قَبۡلَهُمۡ أَكۡثَرُ ٱلۡأَوَّلِينَ

Алардан мурунку абалкылардын көпчүлүгү да адашкан. Оо, пайгамбар! Сенин коомуң – адашкан коомдордун биринчиси эмес. info
التفاسير:

external-link copy
72 : 37

وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا فِيهِم مُّنذِرِينَ

Биз ошол алгачкы коомдорго Аллахтын азабынан коркуткан пайгамбарларды жибердик, бирок алар каапыр болушту. info
التفاسير:

external-link copy
73 : 37

فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُنذَرِينَ

Оо, пайгамбар! Пайгамбарлардын эскертмелерине жооп бербеген коомдордун арты кандай болгонун карабайсыңбы? Чындыгында алардын акыбети – каапырлыктары жана пайгамбарларын жалганга чагаргандыгы себептүү түбөлүк тозокко кирүү болду. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 37

إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ

Аллахка чын ыкластан ыйман келтиргендер гана андай болгон жок. Чындыгында алар жалганчы каапырлардын акыбети болгон азаптан кутулушту. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 37

وَلَقَدۡ نَادَىٰنَا نُوحٞ فَلَنِعۡمَ ٱلۡمُجِيبُونَ

Бир кезде Бизге пайгамбарыбыз Нух аны жалганга чыгарган коомуна каршы дуба кылып кайрылды. Биз кандай жакшы жооп берүүчүбүз! Биз анын коомуна каршы кылган дубасына жооп берүүгө шашылдык. info
التفاسير:

external-link copy
76 : 37

وَنَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥ مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ

Биз аны, үй-бүлөсүн жана аны менен болгон ыймандууларды коомунун зыянынан жана андагы каапырларга жиберилген улуу топон сууга чөгүүдөн сактадык. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• الظفر بنعيم الجنان هو الفوز الأعظم، ولمثل هذا العطاء والفضل ينبغي أن يعمل العاملون.
Бейиш жыргалчылыктарына жетүү – улуу жеңиш. Адамдар мына ушундай сыйлыкка жана артыкчылыкка жетүүгө аракет кылуусу керек. info

• إن طعام أهل النار هو الزقّوم ذو الثمر المرّ الكريه الطعم والرائحة، العسير البلع، المؤلم الأكل.
Кыйынчылык менен жутулган, жегенде жан ооруткан, даамы жана жыты жагымсыз, ачуу мөмөлүү Заккум дарыгы – тозоктогулардын тамагы. info

• أجاب الله تعالى دعاء نوح عليه السلام بإهلاك قومه، والله نعم المقصود المجيب.
Аллах Нухка коомун жок кылуусун сураган дубасына жооп берди. Аллах – адамдар бет алган эң жакшы жооп берүүчү. info