ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ

ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ:close

external-link copy
14 : 72

وَأَنَّا مِنَّا ٱلۡمُسۡلِمُونَ وَمِنَّا ٱلۡقَٰسِطُونَۖ فَمَنۡ أَسۡلَمَ فَأُوْلَٰٓئِكَ تَحَرَّوۡاْ رَشَدٗا

Биздин арабызда Аллахка сыйынып баш ийген мусулмандары бар жана туура жолдон адашкандары да бар. Кимде-ким Аллахка сыйынып жана жакшылык иштерди кылып моюн сунган болсо, мына ошолор туура жолду жана тууралыкты көздөгөндөр. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 72

وَأَمَّا ٱلۡقَٰسِطُونَ فَكَانُواْ لِجَهَنَّمَ حَطَبٗا

Ал эми ортолук жана туура жолдон адашкандар, адамзаттагы өздөрүнө окшогондор менен тозокко отун болуп күйгөндөр. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 72

وَأَلَّوِ ٱسۡتَقَٰمُواْ عَلَى ٱلطَّرِيقَةِ لَأَسۡقَيۡنَٰهُم مَّآءً غَدَقٗا

Ал аны жиндердин бир жамааты укту деп вахий кылган сыяктуу ага мындай деп да вахий кылды, эгерде жиндер менен адамзат Ислам жолуна түшүп, андагы нерселерди иш жүзүндө аткарышса, анда Аллах аларды мол суу менен камсыздайт жана аларга түрлүү жакшылыктарды тартуулайт. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 72

لِّنَفۡتِنَهُمۡ فِيهِۚ وَمَن يُعۡرِضۡ عَن ذِكۡرِ رَبِّهِۦ يَسۡلُكۡهُ عَذَابٗا صَعَدٗا

Биз муну алар Аллахтын жакшылыгына шүгүр кылышат бекен же аны танып кетишет бекен деп сынаш үчүн кылдык. Ким Курандан жана андагы осуяттардан жүз бурса, Раббиси аны көтөрө албаган катуу азапка киргизет. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 72

وَأَنَّ ٱلۡمَسَٰجِدَ لِلَّهِ فَلَا تَدۡعُواْ مَعَ ٱللَّهِ أَحَدٗا

Мечиттер башкага таандык эмес, Аллахка гана таандык. Андыктан ал жакта Аллах менен катар башкаларга дуба кылбагыла. Болбосо чиркөөлөрдөгү жана синагогалардагы жөөттөр менен христиандардай болуп каласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 72

وَأَنَّهُۥ لَمَّا قَامَ عَبۡدُ ٱللَّهِ يَدۡعُوهُ كَادُواْ يَكُونُونَ عَلَيۡهِ لِبَدٗا

Качан Аллахтын пендеси Мухаммад Нахла өрөөнүндө Раббисине сыйынып жаткан кезде, жиндер анын Куран окуп жатканын угушканда катуу тыгылыштан улам биринин үстүнө бири чыгайын деп калды. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 72

قُلۡ إِنَّمَآ أَدۡعُواْ رَبِّي وَلَآ أُشۡرِكُ بِهِۦٓ أَحَدٗا

Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Чындыгында мен Раббиме гана дуба кылам жана ким болбосун, сыйынууда Ага эч кимди шерик кылбайм». info
التفاسير:

external-link copy
21 : 72

قُلۡ إِنِّي لَآ أَمۡلِكُ لَكُمۡ ضَرّٗا وَلَا رَشَدٗا

Аларга айт: «Аллах силерге тагдыр кылган зыянды кайтарууга кудуретим жетпейт жана Аллах силерге тыйып койгон пайданы келтирүүгө да кудуретим жетпейт». info
التفاسير:

external-link copy
22 : 72

قُلۡ إِنِّي لَن يُجِيرَنِي مِنَ ٱللَّهِ أَحَدٞ وَلَنۡ أَجِدَ مِن دُونِهِۦ مُلۡتَحَدًا

Аларга айт: «Эгер мен Ага баш ийбестик кылсам, анда мени Андан эч ким куткара албайт жана мен Андан башка баш калкалоочу жай таппайм». info
التفاسير:

external-link copy
23 : 72

إِلَّا بَلَٰغٗا مِّنَ ٱللَّهِ وَرِسَٰلَٰتِهِۦۚ وَمَن يَعۡصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَإِنَّ لَهُۥ نَارَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًا

Бирок менин колумдан келген нерсе – Аллахтын силерге жеткир деген буйругун жана мен аркылуу силерге жиберилген жолдомосун жеткирүү. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине баш ийбестик кылса, анда анын тагдыры түбөлүк тозокко кирүү болот, ал андан эч качан чыкпайт». info
التفاسير:

external-link copy
24 : 72

حَتَّىٰٓ إِذَا رَأَوۡاْ مَا يُوعَدُونَ فَسَيَعۡلَمُونَ مَنۡ أَضۡعَفُ نَاصِرٗا وَأَقَلُّ عَدَدٗا

Каапырлар аларга дүйнөдө убада кылынган азапты каямат күнү көргөнгө чейин каапырлыктарын уланта беришет. Ошол кезде алар кимдин колдоочусу алсыз экенин жана кимдин жардамчылары аз экенин билишет. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 72

قُلۡ إِنۡ أَدۡرِيٓ أَقَرِيبٞ مَّا تُوعَدُونَ أَمۡ يَجۡعَلُ لَهُۥ رَبِّيٓ أَمَدًا

Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жокко чыгарган мушриктерге айт: «Силерге убада кылынган азап жакын калганын же анын Аллах гана билген мөөнөтү барбы, мен билбеймин». info
التفاسير:

external-link copy
26 : 72

عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ فَلَا يُظۡهِرُ عَلَىٰ غَيۡبِهِۦٓ أَحَدًا

Ал бүт кайыпты Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал кайыпты эч кимге билдирбейт. Тескерисинче, аны жеке Өзү гана билген абалда калат. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 72

إِلَّا مَنِ ٱرۡتَضَىٰ مِن رَّسُولٖ فَإِنَّهُۥ يَسۡلُكُ مِنۢ بَيۡنِ يَدَيۡهِ وَمِنۡ خَلۡفِهِۦ رَصَدٗا

Бирок, Ал Өзү ыраазы болгон пайгамбарларга гана каалаганын билдирет. Ошондой эле Ал пайгамбардын алды-артынан сакчы периштелерди жиберет, алар аны башка эч кимге билдирбей коргойт. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 72

لِّيَعۡلَمَ أَن قَدۡ أَبۡلَغُواْ رِسَٰلَٰتِ رَبِّهِمۡ وَأَحَاطَ بِمَا لَدَيۡهِمۡ وَأَحۡصَىٰ كُلَّ شَيۡءٍ عَدَدَۢا

Пайгамбар төмөнкүлөрдү билиш үчүн: андан мурунку пайгамбарлар Раббисинин аларга жеткир деп буйруган жолдомолорун жеткиришти. Анткени Аллах ал аркылуу аларды камкордукка алды жана Аллах периштелер менен пайгамбарлардын алдындагы нерсени Өз илими менен камтып алды. info
التفاسير:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• الجَوْر سبب في دخول النار.
Зулумдук – тозокко кирүүгө себеп болот. info

• أهمية الاستقامة في تحصيل المقاصد الحسنة.
Жакшы максаттарга жетүүдө тууралыктын маанилүүлүгү. info

• حُفِظ الوحي من عبث الشياطين.
Вахий – шайтандардын бурмалануусунан корголду. info