ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
4 : 35

وَإِن يُكَذِّبُوكَ فَقَدۡ كُذِّبَتۡ رُسُلٞ مِّن قَبۡلِكَۚ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرۡجَعُ ٱلۡأُمُورُ

Оо, пайгамбар! Эгерде элиң сени жалганга чыгарышса, сабыр кыл! Сен өз эли жалганга чыгарган биринчи пайгамбар эмессиң. Сенден мурунку Аад, Самуд жана Луттун эли сыяктуу коомдор да пайгамбарларын жалганга чыгарышкан. Бардык иштер жалгыз Аллахка гана кайтат. Жалганчылар акыры кыйрап жок болот, ал эми пайгамбарлар менен ыймандууларга жеңишти Аллах өзү берет. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 35

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُم بِٱللَّهِ ٱلۡغَرُورُ

Эй, адамдар! Кыямат күнү кайра тирилүү, сыйлык же жаза алуу сыяктуу Аллахтын силерге берген убадасы эч кандай шек-күмөнү жок чындык. Андыктан бул күнгө жакшылык иштерди кылуу менен даярдануудан силерди бул дүйнө жыргалчылыктары жана ырахаттары азгырып койбосун. Ошондой эле шайтан силерге жалганды кооз көргөзүп, дүйнөгө берилтип азгырып койбосун. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 35

إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ لَكُمۡ عَدُوّٞ فَٱتَّخِذُوهُ عَدُوًّاۚ إِنَّمَا يَدۡعُواْ حِزۡبَهُۥ لِيَكُونُواْ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلسَّعِيرِ

Эй, адамдар! Чындыгында шайтан силерге түбөлүк душман. Андыктан ага каршы күрөшүү менен аны душман туткула. Чындыгында шайтан өзүнө ээрчигендерди Аллахка каапырлык кылууга чакырып, алардын акыбети кыяматтагы жалындаган тозок болуусун каалайт. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 35

ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدٞۖ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَأَجۡرٞ كَبِيرٌ

Шайтанды ээрчип Аллахка каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар үчүн алардын күнөөлөрүнө кечирим жана аларга бейиш болгон улуу сыйлык бар. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 35

أَفَمَن زُيِّنَ لَهُۥ سُوٓءُ عَمَلِهِۦ فَرَءَاهُ حَسَنٗاۖ فَإِنَّ ٱللَّهَ يُضِلُّ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۖ فَلَا تَذۡهَبۡ نَفۡسُكَ عَلَيۡهِمۡ حَسَرَٰتٍۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِمَا يَصۡنَعُونَ

Шайтан анын кылган жаман ишин кооз көргөзүп, ал аны жакшы деп ойлогон адам, Аллах ага акыйкатты кооз көргөзүп, ал аны акыйкат деп ойлогон адам сыяктуу эмес. Чындыгында Аллах Өзү каалаганды адаштырат, Өзү каалаганды туура жолго салат. Аны эч ким мажбурлай албайт. Оо, пайгамбар! Адашкандардын адашканына кайгырып таптакыр эле чөгүп кетпе! Чындыгында Аллах таала алардын кылгандарын билет. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 35

وَٱللَّهُ ٱلَّذِيٓ أَرۡسَلَ ٱلرِّيَٰحَ فَتُثِيرُ سَحَابٗا فَسُقۡنَٰهُ إِلَىٰ بَلَدٖ مَّيِّتٖ فَأَحۡيَيۡنَا بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَاۚ كَذَٰلِكَ ٱلنُّشُورُ

Аллах шамалды жиберди. Ал шамалдар болсо булуттарды кыймылга келтирди. Анан Биз ал булуттарды эч кандай өсүмдүк өспөгөн жерге айдап барып, анын суусу менен кургап калган жерди тирилтип өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Биз бул өлүк жерден өсүмдүктөрдү өстүрүп тирилткенибиз сыяктуу кыяматта өлүктөр да ушинтип кайра тирилишет. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 35

مَن كَانَ يُرِيدُ ٱلۡعِزَّةَ فَلِلَّهِ ٱلۡعِزَّةُ جَمِيعًاۚ إِلَيۡهِ يَصۡعَدُ ٱلۡكَلِمُ ٱلطَّيِّبُ وَٱلۡعَمَلُ ٱلصَّٰلِحُ يَرۡفَعُهُۥۚ وَٱلَّذِينَ يَمۡكُرُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدٞۖ وَمَكۡرُ أُوْلَٰٓئِكَ هُوَ يَبُورُ

Кимде-ким бул дүйнө менен акыреттеги кадыр-баркты кааласа, анда аны Аллахтан гана сурасын. Эки дүйнөдөгү кадыр-барк жалгыз Ага гана таандык. Жакшы эскерүүлөр Анын Өзүнө гана көтөрүлөт. Пенделердин жакшылык иштери, да Ага гана көтөрүлөт. Ал эми пайгамбарды өлтүрүүгө болгон аракеттер сыяктуу жаман айла-амал кылгандар үчүн катуу азап бар. Ал каапырлардын айлакерлиги жокко чыгат жана бузулат, алардын эч бир максаты ишке ашпайт. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 35

وَٱللَّهُ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ جَعَلَكُمۡ أَزۡوَٰجٗاۚ وَمَا تَحۡمِلُ مِنۡ أُنثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلۡمِهِۦۚ وَمَا يُعَمَّرُ مِن مُّعَمَّرٖ وَلَا يُنقَصُ مِنۡ عُمُرِهِۦٓ إِلَّا فِي كِتَٰبٍۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ

Аллах силердин түпкү атаңар Адамды топурактан жаратты, кийин силерди бел суудан жаратты, анан силерди бири-бириңерге жуп болгон эркектер жана аялдар кылды. Кайсы аялдын боюнда болбосун же баласын төрөбөсүн, ал Анын илими менен гана болот. Алардын эч бири Андан жашырылып калбайт. Ал жараткандардын кимисинин өмүрү узарбасын же кемибесин, ал нерсе Сакталган Тактада (Лаухуль Махфуз) жазылган. Чындыгында силердин топурактан жаралышыңар, баскыч-баскыч болуп жаралууңар жана Сакталган Тактада өмүрлөрүңөрдүн жазылуусу сыяктуу бул айтылган нерселер Аллах үчүн жеңил. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• تسلية الرسول صلى الله عليه وسلم بذكر أخبار الرسل مع أقوامهم.
Пайгамбарлардын өз элдери менен болгон окуяларын айтып пайгамбардын көңүлүн көтөрүү. info

• الاغترار بالدنيا سبب الإعراض عن الحق.
Дүйнөгө азгырылуу акыйкаттан баш таштууга себеп болот. info

• اتخاذ الشيطان عدوًّا باتخاذ الأسباب المعينة على التحرز منه؛ من ذكر الله، وتلاوة القرآن، وفعل الطاعة، وترك المعاصي.
Аллахтын зикир кылуу, Куран окуу, ибадат кылуу жана күнөөлөрдү таштоо сыяктуу шайтандан коргонууга жардам берген себептерди аткаруу менен аны душман тутуу. info

• ثبوت صفة العلو لله تعالى.
Аллах бийиктик сыпатка ээ экендигин тастыктоо. info