Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran

Page Number:close

external-link copy
23 : 33

مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ فَمِنۡهُم مَّن قَضَىٰ نَحۡبَهُۥ وَمِنۡهُم مَّن يَنتَظِرُۖ وَمَا بَدَّلُواْ تَبۡدِيلٗا

Ыймандуулардын арасында ушундай эркектер бар, алар Аллахка чынчыл, анткени алар Аллах жолунда согушууда туруктуулукту, сабырдуулукту көрсөтүп Ага берген убадаларын аткарышты. Алардын арасында өлгөндөрү же Аллах жолунда өлтүрүлгөндөрү бар. Ошондой эле алардын арасында Аллах жолунда шейит болууну күткөндөрү да бар. Ал ыймандуулар Аллахка берген убадаларын эки жүздүүлөр сыяктуу өзгөртүшкөн жок. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 33

لِّيَجۡزِيَ ٱللَّهُ ٱلصَّٰدِقِينَ بِصِدۡقِهِمۡ وَيُعَذِّبَ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ إِن شَآءَ أَوۡ يَتُوبَ عَلَيۡهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا

Аллах чынчылдарды өз чынчылдыктары жана Ага берген убадаларын аткаргандыктары себептүү аларды сыйлаш үчүн жана убадаларын бузган эки жүздүүлөрдү азапташ үчүн ушундай кылды. Эгер Ал кааласа аларды каапырлыктарына тообо кылышканына чейин өлтүрөт же аларга тообо кылууга ийгилик берип, тооболорун кабыл кылат. Чындыгында Аллах күнөөлөрүнө тообо кылгандарга Кечиримдүү, Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 33

وَرَدَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِغَيۡظِهِمۡ لَمۡ يَنَالُواْ خَيۡرٗاۚ وَكَفَى ٱللَّهُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٱلۡقِتَالَۚ وَكَانَ ٱللَّهُ قَوِيًّا عَزِيزٗا

Аллах Курайшты, Гатафанды жана алар менен бирге болгондорду өкүнүчтөрү, кайгылары менен артка кайтарды. Анткени алар үмүт кылгандай болбой калды, алардын мусулмандарды кырып жок кылабыз деген каалоолору ишке ашпай калды. Аллах ыймандуулар менен бирге согушууда Өзү жетиштүү. Анткени ал шамалды жиберди жана периштелерди түшүрдү. Аллах Күчтүү, Кудуреттүү, Аны эч ким жеңе албайт. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 33

وَأَنزَلَ ٱلَّذِينَ ظَٰهَرُوهُم مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ مِن صَيَاصِيهِمۡ وَقَذَفَ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعۡبَ فَرِيقٗا تَقۡتُلُونَ وَتَأۡسِرُونَ فَرِيقٗا

Жана Аллах аларга жардам беришкен жөөттөрдү душмандарынан коргонгон чептеринен чыгарды. Алардын жандарына коркунуч салды. Эй, ыймандуулар! Силер алардын бир тобун өлтүрдүңөр, бир тобун туткунга алдыңар. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 33

وَأَوۡرَثَكُمۡ أَرۡضَهُمۡ وَدِيَٰرَهُمۡ وَأَمۡوَٰلَهُمۡ وَأَرۡضٗا لَّمۡ تَطَـُٔوهَاۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٗا

Алар жок кылынгандан кийин Аллах алардын эгин жана курма тигилген бак-талаалары менен жерлерин силерге ээлик кылып берди, алардын үй-жайларын жана башка мал-мүлктөрүн да силерге берди. Ошондой эле силерди Хайбар жерине ээлик кылдырды. Алдын силер бул жерге келген эмессиңер, эми келесиңер. Мына ушул ыймандуулар үчүн берилген убада жана сүйүнүч кабар. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү, Аны эч ким алсыз кыла албайт. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ قُل لِّأَزۡوَٰجِكَ إِن كُنتُنَّ تُرِدۡنَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا وَزِينَتَهَا فَتَعَالَيۡنَ أُمَتِّعۡكُنَّ وَأُسَرِّحۡكُنَّ سَرَاحٗا جَمِيلٗا

Оо, пайгамбар! Аялдарың сенин шартың болбой турса да сенден ашыкча каржы талап кылган кезде аларга айт: «Эгер силер дүйнө жашоосун жана андагы кооздуктарды кааласаңар, келгиле анда мен силерге талак алган аялдарга берилген нерсени берейин да, эч кандай зыян бербестен, урушпастан силер менен ажырашайын. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 33

وَإِن كُنتُنَّ تُرِدۡنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَٱلدَّارَ ٱلۡأٓخِرَةَ فَإِنَّ ٱللَّهَ أَعَدَّ لِلۡمُحۡسِنَٰتِ مِنكُنَّ أَجۡرًا عَظِيمٗا

А эгер силер Аллахтын ыраазылыгын, Анын элчисинин ыраазылыгын кааласаңар жана акырет жайындагы бейишти кааласаңар, анда ушул акыбалыңарга сабыр кылгыла. Чындыгында Аллах силердин араңардан талаптагыдай сабырдуулук жана жакшы мамиле кылгандарга улуу сыйлыктарды даярдап койду». info
التفاسير:

external-link copy
30 : 33

يَٰنِسَآءَ ٱلنَّبِيِّ مَن يَأۡتِ مِنكُنَّ بِفَٰحِشَةٖ مُّبَيِّنَةٖ يُضَٰعَفۡ لَهَا ٱلۡعَذَابُ ضِعۡفَيۡنِۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٗا

Эй, пайгамбардын аялдары! Силерден кимиңер ачык түрдө күнөө иш кылса, анда ага ээлеген орду, кадыр-барктуулугу жана пайгамбардын тарабын коргош максатта кыямат күнү эки эсе көп азап берилет. Антип эселеп берүү Аллах үчүн жеңил. info
التفاسير:
Benefits of the verses in this page:
• تزكية الله لأصحاب رسول الله صلى الله عليه وسلم ، وهو شرف عظيم لهم.
Аллахтын сахабаларды мактоосу. Бул алар үчүн улуу сыймык. info

• عون الله ونصره لعباده من حيث لا يحتسبون إذا اتقوا الله.
Пенделер Аллахтан коркушса, аларга күтпөгөн тараптан Анын жардамы жана колдоосу келет. info

• سوء عاقبة الغدر على اليهود الذين ساعدوا الأحزاب.
Жоон топторго жардам берген жөөттөрдүн кыянаттыгынын жамандык менен бүтүшү. info

• اختيار أزواج النبي صلى الله عليه وسلم رضا الله ورسوله دليل على قوة إيمانهنّ.
Пайгамбардын аялдарынын Аллахтын жана Анын элчисинин ыраазылыгын тандоосу алардын ыймандары күчтүү экендигине далил болот. info