আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

Маариж

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
بيان حال وجزاء الخلق يوم القيامة.
Кыямат күнүндөгү калайыктын абалы жана жазасы тууралуу баяндаган info

external-link copy
1 : 70

سَأَلَ سَآئِلُۢ بِعَذَابٖ وَاقِعٖ

Мушриктерден бир суроочу адам, эгер бул азап боло турган болсо, мага жана элиме азап болсунчу деп сурады. Бул анын шылдыңы болчу. Ал кыямат күнү болот. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 70

لِّلۡكَٰفِرِينَ لَيۡسَ لَهُۥ دَافِعٞ

Аллахка каапырлык кылгандарга. Ал азапты эч ким кайтара албайт. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 70

مِّنَ ٱللَّهِ ذِي ٱلۡمَعَارِجِ

Ал бийиктик, даражалар, артыкчылыктар жана жакшылыктар Ээси Аллах тараптан. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 70

تَعۡرُجُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيۡهِ فِي يَوۡمٖ كَانَ مِقۡدَارُهُۥ خَمۡسِينَ أَلۡفَ سَنَةٖ

Кыямат күнү периштелер Ага көтөрүлөт жана Жебреил да ошол даражаларда болот. Ал узактыгы элүү миң жылга барабар узак күн. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 70

فَٱصۡبِرۡ صَبۡرٗا جَمِيلًا

Оо, пайгамбар! Эч кандай коркунуч жана арыз-муң болбогон сабырдуулук менен сабыр кыл. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 70

إِنَّهُمۡ يَرَوۡنَهُۥ بَعِيدٗا

Алар бул азапты болушу мүмкүн эместей алыс деп эсептешет. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 70

وَنَرَىٰهُ قَرِيبٗا

Биз болсо анын анык болоруна жакын калганын көрүп турабыз. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 70

يَوۡمَ تَكُونُ ٱلسَّمَآءُ كَٱلۡمُهۡلِ

Ал күндө асман эритилген жез, алтын же башка сыяктуу болот. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 70

وَتَكُونُ ٱلۡجِبَالُ كَٱلۡعِهۡنِ

Тоолор болсо жүндөй үлпүлдөк болуп калат. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 70

وَلَا يَسۡـَٔلُ حَمِيمٌ حَمِيمٗا

Жакын жакынынын акыбалын сурабайт. Анткени ар бири өзү менен гана алек болуп калат. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• تنزيه القرآن عن الشعر والكهانة.
Курандын поэзияга жана көзү ачыктыкка катышы жок. info

• خطر التَّقَوُّل على الله والافتراء عليه سبحانه.
Аллахтын атынан жалган айтуунун жана Ага жалаа жабуунун коркунучу. info

• الصبر الجميل الذي يحتسب فيه الأجر من الله ولا يُشكى لغيره.
Кооз сабырдуулук деген Аллахтан сооп үмүт кылуу жана башкаларга арызданбоо. info